Хизб-ут-Тахрир–Фалестина Бира шаарында социалдык камсыздоо мыйзамы жөнүндө форум өткөрдү

315
0

Хизб-ут-Тахрир–Фалестина Бира шаарында социалдык камсыздоо мыйзамы жөнүндө форум өткөрдү

Ишемби күнү Хизб-ут-Тахрир–Фалестина Бира шаардык өкмөтүнүн социалдык камсыздоо мыйзамы жөнүндө форум өткөрдү. «Социалдык камсыздоо туурасындагы мыйзамды экономикалык жана шаръий жактан ачыктоо» аталышындагы бул форумга шаардагы таанымал адамдар, соодагерлер, жумушчулар жана башка кызыкдар эркек жана аялдар катышты. Форумда Хизб-ут-Тахрир–Фалестинанын басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү инженер Бахир Салих сөз сүйлөдү.

Бахир Салих өз сөзүндө социалдык камсыздоо мыйзамы аткарылышынан улам жарала турган кырсыктуу экономикалык акыбеттерди ачыктап өттү. Бахир Салих билдиришинче, бул мыйзам аткарылышы менен өлкө тышындагы финансылык базарларга жана компанияларга чоң көлөмдө накталай акча чыгып кетет жана чыныгы (жергиликтүү) базардын өтүмдүүлүгү жоголот. Бул болсо, өлкөдө экономикалык сенектикке жана баалардын жогорулашына себеп болот. О.э. жумуш берүүчүлөр жумушчуларга муктаж болбой калышынан улам жумушсуздук деңгээли көтөрүлөт, кызмат көрсөтүү жана төлөмдөр жок болгондуктан өлкөдө чакан ишканалардын саны азаят.

Бахир Салихтин сөзүнө ылайык, камсыздоо мекемеси адамдардын акчасын инвестицияга, чет элдик карыздарга, акция базарларына жана биржаларга салышы мүмкүн. Андан тышкары, режимдин саясий туруксуздугу жана адаттагы коррупциясы адамдардын акчаларына коркунуч туудурууда.

Бахир Салих бул мыйзамдын шаръий жана саясий проблемаларын баян кылды. Бул мыйзам режимди адамдардын турак-жай, азык-түлүк, кийим-кече сыяктуу негизги муктаждыктарын камсыздоо, жакыр жана муктаждарга камкордук кылуу сыяктуу вазыйпасынан чыгарат. Бул мыйзам аркылуу адамдардын мүлкү тартып алынат, сүткорлук банктарына коюлган миллиондогон каражаттар талап-тонолот.

О.э. Бахир Салих бул мыйзам пенсияны мураскорлорго Исламга тескери түрдө берүү сыяктуу, дагы башка проблемаларга жана коррупцияга, адамдардын укуктарын камсыздоодон баш тартуу сыяктуу нерселерге себеп болуп жатканына токтолуп өттү. Бул мыйзам бир ууч коррупциячыл жана кызыкдар тараптардын, компаниялардын пайдасына, жумушчулардын зыянына тил бириктирилип иштелип чыкканын баян кылды.

Форумдун корутундусунда режим мындай социалдык камсыздоо мыйзамын тастыкташына жана аткарышына каршы бардык шаръий каражат жана услубдар менен күрөшүү зарылдыгы баса белгиленди. Форумда чогулгандар бул корутундуну ырастап, адамдардын мүлкүн жана өлкө байлыктарын талап-тоноо үчүн ар кандай каражаттардан кайра тартпаган режимге каршылыгын билдиришти.

Роя гезити, №218, 2018-жыл, 23-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here