Путиндин рейтинги рекорддук көрсөткүчкө төмөндөп кетти

300
0

Путиндин рейтинги рекорддук көрсөткүчкө төмөндөп кетти

РФ президенти Владимир Путинге ишеним рейтинги 2006-жылдан бери рекорддук деңгээлде минимумга түшүп кетти. Бул тууралуу “Корреспондент.net” кабарлады.

Бүгүнкү күндө Путинге россиялыктардын 33,4 пайызы гана ишенет.

Сурамжылоонун натыйжасын Россия социологиялык борбору жарыялаган.

Социологдордун билдиришинче, учурда президентин ишин россиялыктардын 62,1 пайызы колдойт. Премьер-министрдин жана өкмөттүн ишин болсо 35 пайыз жана 39,5 пайыз жарандар колдойт.

Ошол эле учурда, Коомчулуктун пикири фонду (ФОМ) тарабынан өткөрүлгөн башка сурамжылоонун натыйжасы боюнча, россиялыктардын жарымынан көбү (54 пайызы) бийликтин акыркы айдагы аракеттери нааразылыкка себеп болгондугун айтышкан.

Сурамжылоого катышкандардын 70 пайызы айланасындагы адамдардан бийликти сындаган пикирлерди уккандыгын билдиришкен.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here