АКШ Кытай товарларына киргизилген бажы алымдарын токтотушу мүмкүн

332
0

АКШ Кытай товарларына киргизилген бажы алымдарын токтотушу мүмкүн

АКШда Кытай товарларына киргизилген бажы алымдарынан баш тартуу идеясы көтөрүлүүдө. Бул тууралуу “The Wall Street Journal” кабарлады.

Кабарда келишинче, мындай идеяны каржы министри Стивен Мнучин көтөрүп чыгууда. Басылманын билдиришинче, мындай сунуштан көздөлгөн максат, Кытай менен соода сүйлөшүүлөрүндө алдыга жылуу жана узак мөөнөттүү реформаларды биргеликте ишке ашыруу үчүн алаканы жакшыртуу.

А бирок, АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхайзер мындай чечимге каршы чыккан.

 Буга чейин, Кытай АКШнын “ордун ээлеп албастыкка” убада берген.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ин билдиргендей, Кытай“узурпатор” (бийликти же бирөөнүн укугун мыйзамсыз түрдө тартып алган адам) болууга умтулбайт жана келечекте АКШнын “ордун ээлеп алууга” аракет кылбайт. 

Ван Индин билдиришинче, айрым америкалык саясатчылардын “Кытай келечекте АКШга чакырык таштоосу же анын ордун ээлеп алууга аракет кылуусу” жөнүндөгү тынчсыздануулары орунсуз. Министрдин кошумча кылышынча, Кытай өкмөтү тынч өнүгүү жолун бекем карманууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here