Кыргызстанда 9-класстын бүтүрүүчүлөрү окуусун улантууга милдеттүү болот

393
0

Кыргызстанда 9-класстын бүтүрүүчүлөрү окуусун улантууга милдеттүү болот

Жогорку Кеӊеш 16-январда «Билим берүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Мирлан Жээнчороевдин айтымында, мыйзам долбоорунда 9-классты бүтүргөн өспүрүмдөр милдетүү түрдө билим алууну улантуу нормасы каралган.

Мыйзам долбоору боюнча, 9-классты бүтүргөндөр мектепте 10-11-классты окуп бүтүп, базалык орто билимди толугу менен алышы керек, же болбосо окууну кесиптик лицейлерде, колледждерде улантып, башталгыч кесиптик билимге ээ болушу кажет.

“2017-жылы Кыргызстанда 9754 бала 9-класстан кийин окуусун уланткан жок. 2010-2011-жылдары 11 миңдей бала 9-класстан кийин окуган эмес. Азыр болсо орто эсеп менен 170-200 миң адам. Бул Кыргызстан үчүн чоң жоготуу…. Кыргыз мамлекети боюнча жылына 9 миң окуучу 9-классты бүтүп, андан ары билимин улантпай таштап коюп жатат. Алар окуусун таштап коюп, жаман иштерге тартылып, экстремизмге катышып калууда. Бул маселелердин алдын алуу керек. Мыйзам долбоорунун максаты да мектепти таштап койгон окуучуларга багытталат. 10-11-классты окубагандарга кесиптик окуу жайларда милдеттүү түрдө окуусун улантуусу каралат. Сабаттуу жаштарды өстүрүшүбүз зарыл. Анткени алар биздин келечек. Эгерде жыл сайын 9 миң окуучу эч жерде билим албай кала берсе, биздин келечек муундан эч нерсе чыкпайт », – деген Жээнчороев.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери: М.Жээнчороев, Д.Жумабеков, А.Карашев, Д.Бекешев, Т.Зулпукаров, Д.Бакчиев, Садык Шер-Нияз, А.Жээнбеков, Э.Байбакпаев, К.Исаев, Ж.Акаев, Д.Исаева, Р.Казакбаев, Б.Сыдыков.

Эске сала кетсек, Өзбекстанда да 2018-жылы ушуга окшогон мыйзам кабыл алынган.

Туркистон:

Эгерде адам шарият илими менен бир катарда дүйнө илимин да өздөштүрсө, бул нерсе нур үстүнө нур болот. Баланы тарбиялоодо ата-эненин билимдүү болушу өтө маанилүү.  Мындан тышкары жогорку класстарда алгебра, физика, астрономия, химия сыяктуу жашоодо кереги тийе турган сабактар окутулат.  Бул предметтерди билген адамдын бул дүйнөдөгү жашоосу мазмундуу болот. Айлана-чөйрө, дем алып жаткан аба жана жеп жаткан азык-түлүктөр боюнча маалыматка ээ болот. Эгерде ыйманга зыян жеткирбесе, бул илимдерди өздөштүрүүнүн пайдасы көп! Бул нерсе маселенин бир тарабы.

Ал эми экинчи тараптан, эмне үчүн бүгүнкү күндө мусулман үй-бүлөлөр балдарын өспүрүм куракка жеткенде – кудум жугуштуу оорудан этияттагандай – мектептерде билим алуудан этияттап жатышат?  Демек, мектептеги билим берүү системасында ыйманга кооптуу жактар бар.

Депутаттын пикиринче, жаштардын кылмыштуулукка аралашып калышынын бирден-бир себеби, алар убактысын бекер өткөрүп жаткандыгында экен.

 Эмне, биз 10-11-класстарда окутсак эле кылмыштуулук токтоп калат бекен?

Бирок, депутат орто мектепти толук бүтүрүп жаткан жаштар арасында кылмыштар болуп жаткандыгын көрмөксөн болууда. Ал тургай, 8-9-класстын окуучулары арасында зынакордук себептүү кошбойлуу болуп,  сойкулук кылып жаткан, наркотикалык заттарды колдонуп жаткан жаштар бар эмеспи. Өткөн аптада эле Нарын жана Чүй облустарында 15 жаштагы кыздар төрөгөнү тууралуу кабар тарады.

Буга депутаттар эмне деп жооп беришет болду экен? Алар албетте “ата-энелери балдарын жакшы тарбиялаган эмес” деп жооп беришет. А бирок, ата-эне ыймандуу болгону менен, аларга караганда айлана-чөйрөнүн таасири күчтүү болсочу?

Анын үстүнө башталгыч класстан баштап, мектепти бүтүргөнгө чейин кыздар менен балдар бир партада аралаш отуруп билим алып жатышат. Мындан тышкары, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын демилгеси менен 18 жашка чейин турмуш курууга тыюу салынган? Анан жаштар эмне кылмак эле?

Коомчулуктун пикири боюнча, проблеманын негизги себеби мектептердеги билим берүү саясатынын туура эместигинде. Аныгыраак кылып айтканда, учурда мектептер билим уясына эмес,  соода, паракордук,  зомбулук мекенине айланып калганы жашыруун эмес.

Бузук   капитализм системасы жана андан келип чыккан демократия түзүмү деп аталуучу куфр  системасы өзүнүн бузук идеологиясы менен дүйнөгө жайылууда. А бирок, анын негизи жараксыз болгондуктан бүгүнкү күнгө чейин бирер проблемага толук чечим таба алган жок. Ошого карабастан, калкынын көпчүлүгү мусулмандардан турган мамлекеттерде демократия идеологиясына карата жакшы мамиле кылынууда. Бул нерсенин натыйжасы баарыбызга белгилүү.

Аллах Таала айтат:

وَمَا أَصَابَكُمْ مِنْ مُصِيبَةٍ فَبِمَا كَسَبَتْ أَيْدِيكُمْ وَيَعْفُو عَنْ كَثِيرٍِوَمَا أَنْتُمْ بِمُعْجِزِينَ فِي الْأَرْضِ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍِ

(Эй, инсандар!) Силерге кандайдыр бир кайгы-балакет жетсе, ал өз колуңар кылган нерсе-күнөө себептүү (жетет). Жана Ал көп (күнөөлөрдүн жазасын бербестен) кечирип жиберет.  Силер жерде (эч кайда) качып кутула албайсыңар. Жана силер үчүн Аллахтан башка эч бир дос жардамчы жок. (42:30-31)

Ушундай болгон соң,  билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртүү, адамзатты эң жогорку ахлактуу, ыймандуу кылып тарбиялоо Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Анткени, Халифалык гана адамзатты караңгылыктан нурга алып чыгат. Халифалык мамлекетинин билим-берүү программасы гана жаштарыбыздын ыймандуу жана акыл-эстүү болуп жетилишине кепил болот, Инша Аллах!

Мунаввара

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here