Туура мыйзамдарга жетүүнүн жолу

353
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Туура мыйзамдарга жетүүнүн жолу

 Негизги ката депутаттарда эмес, конститутция-мыйзамдарда да эмес, президент-өкмөттөрдө да эмес. Мына 28 жылда 30 өкмөт, 5 президент алмашты. Бардыгы эл душмандарыбы? Канчалаган депутаттар келип-кетишти. Конститутцияга 10дон көбүрөөк жолу өзгөртүүлөр киргизилди. Ал тургай, жаңы мыйзамдар күчүнө кирбей жатып, аларды өзгөртүү зарыл болуп калууда. Эмне үчүн?

Мыйзам чыгаруучулар да, аткаруучулар да асмандан түшкөн жок, же башка жактан келген чоочун адамдар эмес. Тескерисинче, алар элдин арасынан чыккан чыныгы лидерлер болчу. Алар ушул деңгээлге жетүү үчүн элдин арасындагы көптөгөн иштерде алдыңкылардан болушкан. Бирок, бийликке келери менен өз пайдаларын көздөп, ар кандай иштерди кылышууда, ал тургай өз калкына кыянат кылуудан да кайра тартпай жатышат. 

Бир пикирлеп көрүңүз, жашоого, ар бир ишке, ар бир пикирге “демократия-эркиндик” негиз болсо, иштердин өлчөөсү “пайда-зыян” болсо, ким өз пайдасынан баш тартып, сиздин пайдаңызды, башкача айтканда элдин пайдасын ойлойт? Дагы кайталап айтамын; “ар ким каалаганын кылышы керек” деген негизден иш алып бара турган адам өз пайдасынан баш тартып, сиздин пайдаңызга – элдин пайдасына – баш оорутушу мүмкүн деп билесизби? Бул  негиз адамдарды канчалык жырткыч кылып жиберишине далил жетиштүү болбой жатабы? Бул негизде паракордук жана корупция өнүгүшүнө, өз пайдасы жолуна тоскоол болуп жаткандарды “жок кылуулар” болушуна, башкача айтканда өлтүрүү, каматуу, жаманатты кылуу сыяктуу иштер адаттагы көрүнүшкө айланышына дагы деле шек-күмөнүңүз барбы?

Эгерде негиз ката болсо, андан чыккан бардык нерсе: депутаттар да, конституция-мыйзамдар да өз күчүн жоготот, жетекчи-өкмөттөр да эл душманына, саткындарга айланышат. Карапайым адамдар кордукта жашоого көнүп калышат, бардык нерсе изден чыгат. Т.а. турмуш өз жолун таба албай калат.

Бизге эгемендүүлүк беришип, “демократия”ны сунуштагандар ошол кезде пара менен, же коркутуу, же алдоо жолдору менен ар бир ишти көзөмөлдөп, өз пайдаларына чечип аларын жакшы билишкен. Негизи, “демократия” – бул кул кылуунун заманбап аталышы. Ошол негизди таштап, өз негизибизге кайтып келмейинче бардык нерсебизден айрылып кала беребиз. Бул дүйнөдөгү жашообуз ордуна түшпөйт, акыретте “сокур” болобуз. Аллах Таала айтат:

وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى

«Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот жана Биз аны кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз». [20:124]

 Ал эми туура негизди акыл менен түшүнүп, дилине жайгаштырып алгандар үчүн мыйзамдарды аткаруу табигый болот, ага көзөмөлчүнүн кереги жок. Учурда күч түзүмдөрү же армия аркылуу ишке ашыруу кыйын болгон чечимдер бир хадис аркылуу ишке ашат. Себеби, бул негиз адамды Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн байлыгынан эле эмес, балким андан да баалуу нерселеринен, ал тургай, жанынан да кечүүгө даяр кылып коёт. Расулуллах с.а.в.дын бир сөзүнө амал кылууну өзү үчүн чоң бакыт, эки дүйнө жеңиши деп билет. Ал тургай, адашып мыйзамды бузгандардын өз катасын оңдоосу, башкача айтканда, алардын күнөөлөрүнүн кечирилиши мыйзамга бекем амал кылуунун натыйжасында болот, Аллах Таала айтат:

قُلْ إِنْ كُنْتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمُ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ

(Эй Мухаммад): «Эгер Аллахты жакшы көрсөңөр, мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди жакшы көрөт жана күнөөңөрдү магфират кылат. Аллах магфират кылуучу, мээримдүү», дегин.            [3:31]

Умар(р.а.)нун: “Иракта бир ат мүдүрүлүп кетсе, Аллах Тааланын алдында жооп берүүдөн корком”- деген белгилүү сөзү бар.  Анын бул сөзү Расулуллах с.а.в.дын: “Ыйман жетимиш канча же алтымыш канча бутакка бөлүнөт. Анын эң абзели «Алладан башка илах жок» деш. Эң төмөнкүсү жолдон азар бере турган нерсени алып таштоо. Уят да ыймандын бир бөлүгү” – деген хадисине амал кылганын көрсөтүп турат.

Куран жана хадис негиз болсо, адамдар бири-биринен тартып алуу менен болсо да байыганды эмес, тескерисинче бири-бирине белек берүүгө ылайыктуу учурларды аңдып калышат, себеби, Абу Хурайра (р.а.) риваят кылган хадисте Пайгамбар(с.а.в):

«تَهَادَوْا تَحَابُّوا»

«Бири-бириңерге белек берип тургула, ошондо бири-бириңерди жакшы көрүп каласыңар»,  – деген. Бухарий риваяты.

Момундарга ар бир өкүмдү амалий түрдө жеткирүү үчүн ар түрдүү жолдор менен сүрөттөгөн хадистерди келтирүүнүн зарылдыгы жок, андай байлыктарыбыз көптүгүнөн бул орунда аларды келтирүү максатка ылайыктуу болбойт. Тыянак кылып айтарыбыз, Куранды алып келген периште эң абзел периште болду. Куран түшүрүлгөнү себептүү Расулуллах с.а.в. пайгамбарлардын саййиди болду. Өз доорунда эң бир артта калган арабдар, Куран түшүрүлгөндө адамзаттын ичиндеги эң жакшылары болушту. Арабдар Куран негизиндеги аракеттери себептүү ошол кездеги эки жетекчи мамлекетти, башкача айтканда, Перс жана Рим империяларын жеңгендиги баарыбызга белгилүү. Ошол кездеги транспорт каражаты ат жана төөлөр болушуна карабастан, укмуштай тездик менен өз таасирин – адилеттүүлүк нурун – жаюусуна, алардын Куран негизине таянгандыгы себеп болду. Биз ушул негизден алыстагандан баштап кор болдук. Биз өз негизибизди өзгөртүп, туура негизге кайтып келмейинче эч нерсе жакшы тарапка өзгөрбөйт. Бул Аллах Тааланын убадасы:

إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ

 “Акыйкатта, коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Алла аны өзгөртпөйт.  [13:11]

Биздин алдыбызда эки жол турат: Биринчиси, Куран негизине кайтуу. Аллах Таала айтат:

وَهَذَا صِرَاطُ رَبِّكَ مُسْتَقِيمًا قَدْ فَصَّلْنَا الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَذَّكَّرُونَ

“Мына ушул (Жол Роббиңдин Туура Жолу. Эскерме-үлгү алуучу коом үчүн аяттарды ирээттүү кылдык”. [6:126].

Экинчиси болсо, Курандан башка негиздерде кор болуп жашап, акыретте шерменде болуу. Аллах Таала айтат:

أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنْ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

Динсиздик өкүмдар болуусун каалашабы, ыймандары толо болгон коум үчүн Аллахтан да чырайлуу өкүм кылуучу ким бар?! [5:50].

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here