Бишкекте Кытай мигранттарына каршы кезектеги митинг болуп өттү

338
0

Бишкекте Кытай мигранттарына каршы кезектеги митинг болуп өттү

 Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын чыгарып жиберүүнү талап кылган жарандар 17-январь күнү кезектеги нааразылык акциясын өткөрүштү.

 Күбөлөрдүн билдиришинче, 500дөй адам катышкан. Ал эми уюштуруучулар 2000дей адам келгенин айтышууда.

Кытайда кыргыз, уйгур, казак жана башка этникалык азчылыктарга каршы басымдар күчөгөнү тууралуу маалыматтар пайда болгондон бери Кыргызстанда кытайлыктарга каршы маанай күчөп кетти.

 Тышкы иштер министрлигин Консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев чогулгандардын алдына чыгып сүйлөп, интернетте тарап жаткан кабарлар туура эмес экендигин, Кыргызстанга кытай жарандары мыйзамдуу тартип менен киргенин билдирди. Бирок, митингчилер “кытайлыктар иштеп жаткан ишканаларга барып көрөлү” деген талапты коюшту.

 Митингчилердин талаптары жазылган кагазды депутаттарга тапшырмакчы болгондорду милиция Жогорку Кеңешке киргизбей койду.

Митингчилер милиция кармаган активисттерди бошотууну, кытай мигранттары үчүн эмгек квотасын азайтууну,паспортко “улуту” деген графаны кайтарууну, өз оюн ачык айткандарды куугунтуктоону токтотууну жана парламент депутаттарынын санын азайтууну талап кылышты.

 Уюштуруучулар митинг саат 13:00дө бүтүшү керектигин эскерткенине карабастан, көпчүлүк тарап кетпеди. Ошондон кийин митингдин катышуучуларын милиция кызматкерлери тарата баштады. “Азаттык” радиосунун кабарына таянсак, милиция “тартип бузганы” үчүн бир нече жаранды кармап кеткен.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here