Кытай АКШны кош стандарттуулукта айыптады

463
0

Кытай АКШны кош стандарттуулукта айыптады

Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин АКШнын жаңы стратегиясы боюнча пикирин билдирди. Анын белгилешинче, АКШ админстрациясы Россия жана Кытайды тыйып туруу үчүн ядролук куралынан пайдаланууну көздөйт. Бул тууралуу “ТАСС” маалымат агенттиги кабарлады.

Чуньиндин айтымында, АКШ башка мамлекеттерден курал-жарак иштеп чыгуу боюнча изилдөөлөрдү азайтууну көп жолу талап кылган.

 “Ошол эле учурда, АКШ өзүнүн массалык кыргын куралдарын өнүктүрө тургандыгын билдирүүдө. Бул – кош стандарттуулук”, – деди Чуньин.

О.э. АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинин башка туруктуу мүчөлөрү менен биргеликте глобалдык туруктуулукка жардам береринен үмүттөнгөнүн билдирди.

 Буга чейин, АКШ ядролук куралынан Россия жана Кытайды тыйып туруу үчүн пайдаланмакчы экендиги кабарланган.

АКШнын ракетадан коргонуу боюнча жаңы стратегиясында АКШнын ядролук куралы Россия жана Кытайды тыйып туруунун негизги каражаты катары каралат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here