Мирзиёев тышкы саясат жана “Талибан” менен сүйлөшүүлөр жөнүндө айтты

304
0

Мирзиёев тышкы саясат жана Талибан” менен сүйлөшүүлөр жөнүндө айтты

Өзбекстан 2019-жылы тышкы саясатта КМШга мүчө мамлекеттер менен, биринчи кезекте, Россия о.э. Кытай, АКШ, Евробиримдик, Түштүк Корея, Япония менен мамилени иындан ары да өнүктүрүү аракеттерин ишке ашырат. Бул тууралуу Шавкат Мирзиёевдин 28-декабрдагы Олий Мажлиске кайрылуусунда айтылды.

 “Биздин тарыхый, моралдык баалуулуктар менен байланган мусулман өлкөлөрү менен кызматташтыкты бекемдөөгө көңүл бурабыз. Чет өлкөлүук өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу алакаларды бардык тармактарда практикалык мазмун менен дагы да байытуунун тарапкерибиз. Биз тышкы саясатыбызда Борбор Азияда коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоого каратылган ачык-айкын стратегияга таянабыз. Бул жаатта Өзбекстан региондогу кошуна мамлекеттер менен о.э. Түркия, Индия, Пакистан, Иран менен өз ара кызыкчылыктуу мамилени өнүктүрүүнү негизги милдет деп билет”, – деди Мирзиёев.

Анын айтымында, бул стратегияны ишке ашырууда кошуна Афганистан маанилүү орун ээлейт.

 “Биз эл аралык коомчулукту Афганистан өкмөтү жетекчилигинде тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо зарылдыгын колдоого чакырдык. 2018-жылдын март айында Афганистан боюнча өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги Ташкент конференциясы заманбап Афганистан тарыхында эл аралык масштабдагы конференция болгонун өзгөчө белгилеп өтүш керек. Ошол конференциядан кийин Афганистандагы бардык саясий күчтөр, анын ичинде, “Талибан” кыймылынын катышуусунда сүйлөшүүлөр жараянын баштоого каратылган эл аралык аракеттер активдешти. Өзбекстан “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен бир катар маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү”, – деди Шавкат Мирзиёев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here