Трамп АКШ экономикасындагы жаман абал үчүн Борбордук банкты айыптады

314
0

Трамп АКШ экономикасындагы жаман абал үчүн Борбордук банкты айыптады

АКШ президенти Дональд Трамп биржалардагы ставкалар кескин төмөндөп кеткени үчүн АКШнын Борбордук банкын айыптады. Трамптын айтымында, Америка экономикасындагы проблемалардын келип чыгышы бир гана Борбордук банкка барып такалат.

Трамп “Твиттер”деги расмий баракчасы аркылуу берген билдирүүсүндө, АКШнын Борбордук банкы базарларды жана «соода согуштарын» жакшы түшүнө албастыгын билдирди.

“Экономикабыздагы бирден-бир проблема АКШ Борбордук банкы. Алар базардын тилин түшүнбөйт. Соода согушунун маанисин же күчтүү долларды, ал тургай мамлекетибиз чек аралары себептүү өкмөттүн жабылышы керектигин да түшүнүшпөйт. АКШ Борбордук банкы кудум күчтүү гольф оюнчусуна окшойт. Өзүнүн баллын көбөйтө албайт, себеби, ал топту жеңил урууну билбейт”, – деди АКШ президенти.

Кабарларда келишинче, “Доу Жонс” биржасынын индекси дүйшөмбү күнү 650 баллга түшүп кеткен. “Доу Жонс” мындай жаман абалга 1931-жылдагы кризистен бери алгачкы жолу дуушар болгону айтылууда.

Бул нерсеге, Кытай менен келишпестик, Ак үй жана Конгресс ортосундагы бюджет маселесиндеги келишпестиктер о.э. Трамптын АКШ Борбордук банкынын башчысы Жером Пауэллди иштен бошотушу жөнүндө тараган имиштердин таасири болгону айтылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here