28-декабрдагы жума хутбаларына байланыштуу эскертүү

476
0

28-декабрдагы жума хутбаларына байланыштуу эскертүү

Кече жума күнү мечиттерде Кытай менен болгон мамилеге тиешелүү хутбалар айтылды. Андагы маанилерди негизинен төмөнкү эки пунктта кароого болот:

1. Кытай менен болгон мамиле өтө чиеленишкен болуп, эл аны түшүнө албайт. Ырас, түшүнбөгөн соң, ага аралашпаш керек, болбосо, баш-аламандыкка кириптер болот.

2. Бул ишти толугу менен бийликке тапшырыш керек жана ага моюн сунуш керек.

Алгач ушул айтылган маанилердин канчалык негиздүү экендигине токтоло кетсек.

Биринчи пункт боюнча айта турган болсок, имамдарыбыздын элди баш-аламандыктан эскертүүлөрү албетте эң жакшы нерсе. Бирок, ушул жакшылыктын артына жамандыктар катылып жатышы эң жаман нерсе. Тактай кетсек, хутбаларда баш-аламандыктан эскертүү биринчи айтылганы менен, бирок, хутбадан көздөлгөн максат ал эмес экен. Анткени, анын артынан башка сөздөр айтылып, алардын артында болсо Кытай баскынчылыгына каршы чыкпоого, Кытайдын кирип келишине моюн сунууга чакырык жашырыныптыр.

О.э. имамдарыбыздын “Кытай маселесин эл түшүнбөйт” дегендиктери да чындыкка дал келбейт. Анткени, Кытайдын кирип келүүсүн турмуш чындыгындагы окуялар даана көрсөтүп турат.  Эл ал акыйкаттар жаатында акыл калчап, көп нерселерди түшүнүп алды. Туура, толугу менен түшүнүп жеткен жок, анткени, ал үчүн маалыматтар жетишсиз. Бирок, ушул эле учурда, калкка карата “түшүнбөйсүң, тек олтур” деш туура эмес. Тескерисинче, адамдарды түшүнбөгөн жерин түшүнүп алууга үндөө керек. Себеби, бул алардын турмушу, бул алардын тагдырий маселеси.

Кийинки пунктка токтоло турган болсок, Кытай маселесин бийликке тапшырып коюу үчүн ага карата ишеним керек. Эгер бийлик – элдин эркине каршы түрдө – Кытайды өзү алып кирип келе жаткан болсо, бул маселени кандайча ага тапшырып коюу мүмкүн. Мындан сырткары, учурда бийлик Кытай менен болгон мамилени “кол тийгис” катары баалап, аны актоочу жана коргоочу позицияга өтүп алды. Бул албетте бийликке карата ишенимди ого бетер жоготот.

Ушул орунда имамдарыбыздын “итаат кылуу” жаатында айткандарына да кайрыла кетебиз. Алар учурдагы бийликке итаат кылууну насыйхат кылышты. Бирок, мунун каршысында, жетекчилерибиздин Кытайга жол ачып берүүлөрү, алардын кызыкчылыктарын коргоого алуулары шариятка тескери. Ошондуктан, бийликтеги жетекчилерибиз бул жаатта тергеп-тескелиши (мухасаба) керек. Аларды мухасаба кылуу баарыбызга, алардын арасында имамдарыбызга да важиб.

Айрым имамдарыбыз бул хутбалар тууралуу көрсөтмө муфтияттан келгендигин айтышты. Демек, муфтиятка бийликтен көрсөтмө болгон. Анткени, бийлик Кытай баскынчылыгын жашыруу, анын аракеттерин актоо, анын кызыкчылыктарын коргоо позициясын карманууда. О.э. бул жаатта мамлекеттик “машиналарды” ишке салууда.

Мисалы, такталбаган провокациялык маалыматтар жайгандыгы үчүн карапайым жарандарды кармап, кечирим суратты. Аларды “үчүнчү күчтөр” пайдаланып кетиши мүмкүндүгүн айтышууда. (кайсы бийлик болбосун, үчүнчү күчтөр Америка же Россия деп ачык айта албастан, ар дайым тергегени-тергеген, көп учурларда, акыры келип үчүнчү күчтөр “террористтер” болуп чыга да келишет). А эмнеге ушул учурга чейин УКМК Россия же Америка сыяктуу үчүнчү күчтөргө караштуу троллдордун бирин да аныктаган жок. Негизи, бул державалар Кытайдын кирип келүүсүнө тымызын каршы болуп, биерде алардын адамдары да иштеп жатышат.

О.э. бийлик бирин-серин такталбаган маалыматтарды ачыктоо менен, аны эчендеген акыйкаттарды жокко чыгарууга иштетип жатат. Маселен, Кытайдын карызга батырып жатканы, кытай инвесторлордун кендерибизди ташып кеткени, кытайлык компания кызматкерлеринин кыргыз жарандарына карата зомбулуктары, кытайлардын кыргыз жарандыгын алуулары ж.б.у.с. – булардын бардыгы кашкайган чындык эмеспи. Эми ушуларды бир-эки такталбаган маалыматтар шылтоосу менен жаап салуу – бул бийликтин адилетсиз аракети болуп саналат. Бул бийликке карата ишенимди ого бетер жоготот. Ушундан улам, провокацияларды бийлик өзү кылып жатышы мүмкүн деген күмөн ойготот. Анткени, бийлик ал аркылуу бүткүл нааразылыктарды бастырууга багыт алышы ыхтымал.

Ушулардан келип чыгып, кечеги хутбалар да ушул саясаттын алкагындагы чыгуулар болуп калды деп эсептейбиз. Мунун каршысында, бийликке эскертме жолдойбуз.

Эй бийлик ээлери, силер да ушул элдин перзенттерисиңер. Ал тургай, алардын каймагысыңар. Ошондуктан, элдин баскынчылыкка каршы чыгуусуна кайчы позиция ээлөөнүн ордуна, алардын алдына түшкүлө. Аларга туура жолдорду көрсөтүп бергиле. Анткени, Алланын алдында, пенденин алдында да ушулардан жоопкерсиңер. Эгер Кытай баскынчылыгы коркунучтарын анык көрсөтүп берип, ага каршы программа иштеп чыксаңар жана бул баскынчылыктын алдын алып калсаңар – бул баарыбыздын ийгилигибиз болот.

Хизбут-Тахрир – Кыргызстан маалымат бөлүмүнүн төрагасы АбдулХакийм

29. 12. 2018

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here