Трамп: АКШ дүйнө полициячысы бойдон калбайт

300
0

Трамп: АКШ дүйнө полициячысы бойдон калбайт

АКШ президенти Дональд Трамп Иракка сапары учурунда АКШ мындан кийин дүйнөнүн полициячысы макамында кала албастыгын билдирди.

 Ак үйдүн журналисти Трамптын:  “АКШ дүйнөнүн полициячысы болуп кала албайт. Бул – бир гана бизге жүк болуп жатканы себептүү – адилеттүүлүк эмес”, – деген сөзүн цитата келтирди.

О.э. Трамп коргонууга акча төлөбөгөн башка мамлекеттер коргонуу үчүн АКШ аскерлеринен пайдаланышын Вашингтон каалабастыгын айтууда.

 “Биз бүт дүйнөгө тараганбыз. Биз, ал тургай адамдар укпаган мамлекеттерде да барбыз…” – деп кошумчалаган Трамп.

Трамп буга чейин да ушул сыяктуу билдирүүлөрдү берген. Мисалы, апрель айында Нигериянын  президенти Мухаммаду Бухари менен биргеликте өткөрүлгөн маалымат жыйынында Трамп АКШ ондогон жылдар бою дүйнөдөгү тартипти сактап туруу үчүн өтө чоң өлчөмдө каражат жумшаганын белгилеп, эми бул негизги милдет болбостугун айткан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here