Лавров: Россия менен АКШ ортосундагы согуш адамзат үчүн эбегейсиз кырсык болмок

431
0

Лавров: Россия менен АКШ ортосундагы согуш адамзат үчүн эбегейсиз кырсык болмок

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия менен АКШ ортосундагы кооп-коркунуч жөнүндө сөз кылды. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

 “Менимче, дүйнө жүзү жакшы түшүнөт: эки ядролук держава, Россия жана АКШ катышуусундагы куралдуу жаңжал адамзат үчүн өзгөчө кырсыкка себеп болот. Ядролук согушта жеңген тарап болушу мүмкүн эмес жана андай согуш эч качан башталбашы керек”, – деди Лавров.

 Лавровдун айтышынча, бүгүнкү күндүн чындыгы ушул: өзүнүн геосаясий амбицияларына берилип калган Вашингтон жана анын союздаштары өз пайдасына өзгөрбөй жаткан глобалдык абалдарга көнүүгө даяр эмес. Бул жараяндарды түрдүү ыкмалар менен токтотуп калууга жана тышкы иштерде мурункудан да көбүрөөк агрессияга умтулуунун себеби да ушунда. Карама-каршылыктар курчуп барууда, диалог каналдары тоңдуруп коюлган.

Стратегиялык туруктуулук жаатындагы эл аралдык келишимдердин бузулушу өзгөчө кабатыр пайда кылууда. Күчкө таянган мындай карама-каршылыктар линиясы глобалдык коопсуздук архитектурасы тең салмактуулуктан чыгышына жана жарыша куралдануу башталышына кызмат кылууда. Айрыкча, ката же түшүнбөстүк себептүү чечүүчү токтом кабыл алынышы мүмкүн болгон абал жүз бериши да мүмкүн.

 “Биз табигый түрдө, улуттук кызыкчылыктарды коргоо, мамлекеттин коргонуу кубатын күчөтүү боюнча зарыл болгон иштерди аткарып жатабыз. Президент Путин да бул тууралуу көп жолу айткан. Ошону менен бирге соо-саламат пикир үстөм болушунан үмүттөнөбүз. Себеби, позициялар туура келбеген күндө да, Россия жана батыш мамлекеттери көптөгөн чакырыктар жана заманбап коркунучтарга таасирдүү жоопторду издөөдө адамзат тагдыры алдында биргеликте жоопкерчиликти көтөрүшөт. Ошол себептен улам, батыштык  жетекчилерди аң-сезимдүү аракеттерди кылууга, эл аралдык укук-нормаларга баш ийүүгө, БУУнун Уставына таянып иш кылууга чакырабыз. Ошондо, бул сыяктуу суроолорго орун калбайт”, – деди Лавров.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here