АКШ Сирияны калыбына келтирүү милдетин сауддарга жүктөдү

256
0

АКШ Сирияны калыбына келтирүү милдетин сауддарга жүктөдү

АКШ Сириядан аскерлерин алып чыгуу чечиминен кийин ал жердеги милдеттерди бөлүштүрүүнү улантып, Сирияны калыбына келтирүү милдетин Саудияга тапшырды. Трамптын билдиришинче, Сирияны кайрадан калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон чыгымды АКШнын ордуна Саудия берүүгө “ыраазы” болгон.

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн “Тwиттер” баракчасы аркылуу берген билдирүүсүндө Сирияны реконструкция кылууга Саудия “жардам” беришин өзгөчө баса белгилеп, королдун үй-бүлөсүнө ыраазылык билдирди.

“Сирияны кайрадан калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон каражатты АКШнын ордуна Саудия берүүгө ыраазы болду. Көрдүңөрбү? 5000 мил алыстыктагы улуу мамлекеттин ордуна өтө бай мамлекеттин өз кошунасына жардам бериши жакшы эмеспи? Рахмат сага, Саудия!” – деди Трамп.

Ошол эле учурда АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Роберто Палладино журналисттерге берген интервьюсунда, АКШ Сириядагы саясий жараянда Россия менен кызматташтыкта иш алып барарын билдирди.

“(Сирия маселесинда) БУУ жана Россия менен биргеликте иштөөнү улантабыз. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254-резолюциясында айтылган жол менен жүрүү үчүн бардык иш-чараларды аткарууну улантабыз”, – деди Палладино.

Бирок орус саясатчыларынын билдиришинче, АКШнын аскерлерин Сириядан алып чыгуу чечими Россияга каратылган. Алардын айтымында, Трамп бул аркылуу Россиянын Сирияда калышын каалабай жаткандыгына ишара кылууда.

Россия Федерациялык Кеңешинин төрайымы Матвиенко АКШ аскерлеринин Сириядан чыгышы тууралуу берген билдирүүсүндө: “Сирияда саясий чечим жараяны уланууда. Негизи, АКШнын Сирияда турушу мыйзамсыз эле. Россия Стамбулдагы саммитте Түркия, Германия жана Франция менен түзүлгөн келишимге ылайык, Сириянын конституциялык комитетин түзүү үчүн колунан келген ишти аткарып жатат”, – деди.

Матвиенко АКШнын Сириядан чыгып кетүү чечими орус аскерлеринин Сирияда турушуна эч кандай таасирин тийгизбестигин билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here