Астанада эл аралык конференция болуп өттү

266
0

Астанада эл аралык конференция болуп өттү

6-декабрь күнү Астана шаарында аймактар аралык кызматташтыкты күчөтүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштерин координациялоо маселелери боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияга Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Россия, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Монголиянын тийиштүү органдарынын өкүлдөрү катышты.

Казакстан Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы кабарлагандай, конференция катышуучулары уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кабыл алынып жаткан чаралар боюнча тажрыйба алмашып, жаңы чакырыктар жана коркунучтар жөнүндө натыйжалуу эскертүү бардык кызыкдар мамлекеттердин укук коргоо органдарынын иш-аракеттери биригишин талап кыларын белгилешти.

Казакстандын башкы прокурору Кайрат Кожамжаров эл аралык кызматташтык тармагында жетишилген ийгиликтер жөнүндө маалымат берип, Казакстан мүчө болгон укуктук документтер пакетине көңүлдү бурду.

Анын айтымында, мамлекет  бүгүнкү күндө кылмыштуулукка кашы күрөшүү о.э. адам укуктары жана эркиндиктерди коргоо тармагындагы 100дөн ашуун көп тараптуу конвенциялардын тең укуктуу мүчөсү. Ушул жаатта Европа, Азия жана Америка өлкөлөрү, анын ичинде, Кытай, Индия, Британия жана АКШ менен 60тан ашуун эки тараптуу келишимдер түзүлгөн.

Өз кезегинде, конференция катышуучулары укук коргоо органдарынын эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөштө ийгиликке жетиши эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөн көзкаранды экендигин баса белгилешти.

Иш-чарага Бириккен Араб Эмираттарынын федералдык прокурору Ал-Шамсий, Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов, Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон, Өзбекстандын башкы прокурору Отабек Мурадов жана Монголиянын башкы прокурорунун орунбасары Эрдэнэбат Ганбат катышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here