Россия Сириядагы сыяктуу эле, Афганистанга да тартылып жатабы?

289
0

Россия Сириядагы сыяктуу эле, Афганистанга да тартылып жатабы?

Афганистандын премьер-министринин орунбасары Мухаммад Мухаккик Россия Сириядагы кырдаалды жөнгө салууда өзүнө жараша рол ойногондугун айтты. Анын белгилешинче, Россия Афганистандагы кырдаалды жөнгө салууда да кудум ушундай маанилүү рол ойношу мүмкүн.

Мухаккик “Спутник” агенттигине берген интервьсунда: “Россия күчтүү мамлекет, эл аралык деңгээлде тажрыйбага ээ. Сирияда туруктуулукту сактоодо кандай рол ойногонуна күбө болдук. Ошондуктан, Афганистанда да ошондой рол ойношу мүмкүн. Бирок, алар кээ бир абалдарга катуу көңүл бурушу керек, башкача айтканда, Россиянын мүмкүнчүлүктөрү Афганистандагы туруктуулукка каршы колдонулбашы керек”, – деди.

Мухаккик: “Афган өкмөтү Россияны дос мамлекет деп эсептейт. Ал 18 жыл бою Афганистандагы кырдаалга жакшы мамиледе болду. О.э. Россия аймактык жана эл аралык деңгээлдеги күчтүү мамлекеттердин бири болуп эсептелет. Эгерде бизди чакырса, ал жерге сөзсүз барабыз”, – деп кошумчалады.

Мухаккик АКШ жана Афганистан өкмөтү менен Россиянын ортосунда координация жоктугу тынчтык жараянына жана бүтүндөй регионго зыян жеткиришинен эскертти. Анын айтымында, бүт дүйнө тынчтык программасына ыраазы болушу керек.

“Мен Халилзад мырзага (АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү), “сиз тынчтык долбоору үстүндө талкуулашкан убакта бул иш бир тараптуу болбошу керек, Афганистандагы бардык партиялар жана региондогу мамлекеттер катышуусу керек” деп айттым”, – деди Мухаккик.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here