АКШ мамлекеттик катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү Өзбекстанга барат

342
0

АКШ мамлекеттик катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү Өзбекстанга барат

“АКШнын Афганистанда улуттук жарашуу жараяны боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад 2-20-декабрь күндөрү бир нече өлкөлөргө, анын ичинде, Өзбекстанга да расмий сапар менен барат”, – деп кабарлады АКШ мамлекеттик департаменти.

“Афганистанда улуттук жарашуу жараяны боюнча атайын өкүл, элчи Залмай Халилзад 2-20-декабрь күндөрү Пакистан, Афганистан, Россия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Бельгия, Бириккен Араб Эмираттары жана Катарга мекемелер аралык делегация менен барат”, – деп айтылат кабарда.

Ташкентке кайсы күнү барары анык айтылган эмес, а бирок, Халилзад сапардын алкагында Афганистандагы тынчтык жараянын ишке ашыруу жана колдоп-кубаттоо маселелерин талкуулоо үчүн Афганистан өкмөтүнүн өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар менен жолугушат.

Өзбекстандын тышкы иштер министри  Абдулазиз Камилов 28- ноябрда Афганистан маселеси боюнча Женева шаарында болуп өткөн эл аралык конференцияга катышкан.

Афганистанда тынчтык орнотуу маселеси Өзбекстандын тышкы саясатындагы активдүү багыттардын бирине айланды. Мындай болушуна бир катар социалдык, саясий жана экономикалык олуттуу себептер бар. Үстүбүздөгү жылы Ташкентте Афганистанда тынчтык орнотууга арналган бир нече эл аралык конференциялар болуп өттү. Алардын эң маанилүүлөрүнүн бири – ноябрь айында Афганистанда тынчтык орнотуу боюнча Афганистан, Пакистан жана Өзбекстандын катышуусунда үч тараптуу комиссиянын түзүлүүсү болду. Эл аралык эксперттердин билдиришинче, аталган комиссия Афганистанда тынчтык орнотууда маанилүү рол ойношу керек.

Туркистон:

Афганистан Борбор Азиядагы кызыкчылыктарга ээ болууну, же өз таасири астында кармап калууну көздөгөн Россия менен АКШнын ортосундагы негизги стратегиялык чекит болуп турат. Өзбекстан эл аралык саясатта негизги оюнчулар болгон эки күчтүн ортосунда калды. Ал геосаясий жактан Орто Азиянын борборунда жайгашкандыктан, региондун негизги стратегиялык багытына таасир өткөрө ала турган, табигый ресурстарга бай мамлекет. АКШ, Россия жана Кытайдын ортосунда жүрүп жаткан геосаясий келишпестиктер, Борбор Азия регионунда олуттуу көрүнүштө уланышы күтүлүүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here