Перс булуңуна Американын  аскерий кемелери кирет

346
0

Перс булуңуна Американын  аскерий кемелери кирет

АКШ Иранга күчүн көрсөтүп коюу максатында Перс булуңуна аскерий кемелерин жөнөтөт. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

 Кабарда: “АКШ аскер-деңиз күчтөрүнүн бир топ кемелери Иранга күчүн көрсөтүү максатында жакынкы күндөрдө Перс булуңуна кирип барат”, – деп айтылат.

Ноябрь айында “CNN” телеканалы Пентагондогу булакка таянып, АКШ Борбордук командачылыгынын кошумча аскерий ресурстарды, анын ичинде, авианосецти Перс булуңуна жайгаштыруу сунушун министрлик четке каккандыгын кабарлаган.

Жогорудагы сунуш Иран АКШнын санкцияларына жооп иретинде аскерий операцияны баштап жибериши мүмкүндүгүнөн тынчсыздануу себептүү болгон.

 “Wall Street Journal” басылмасы АКШ коргоо министрлигиндеги булакка таянып кабарлашынча, Американын “John C. Stennis” авианосеци жана башка бир топ кеме аптанын соңунда Жакынкы Чыгыш регионундагы сууларга кирип барышат. АКШ кемелеринин Перс булуңуна кириши акыркы сегиз айдагы биринчи көлөмдүү операция болот. Ал жакка кемелерди жөнөтүүдөн көздөлгөн максат, Иранга АКШнын күчүн көрсөтүп коюу.

Басылманын Пентагондогу булагы билдиргендей, “John C. Stennis” авианосеци Жакынкы Чыгыш регионунда эки айга жакын убакыт турат. О.э. бул убакыттын көп бөлүгүн Перс булуңунда өткөрөт.

 5-ноябрдан баштап АКШнын Иранга каршы санкциялары күчүнө кирди. Санкциялар нефть экспортун да камтыйт. Вашингтон буга чейин Ирандын нефти экспортун нөлгө түшүрүү максаты бар экендигин жарыя кылган жана кардарларды Ирандан нефть алуудан баш тартууга чакырган. Каржы министрлиги дүйшөмбү күнү АКШ санкциялар тизмесине Ирандын 700дөн ашуун жарандары, уюмдары, учактары жана кемелерин киргизип жатканын кабарлады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here