Мистер Жонго Кыргызстанда эмне керек?

461
0

Мистер Жонго Кыргызстанда эмне керек?

АКШнын Тынчтык корпусунун демилгеси менен Кыргызстандын Ош облусундагы мектептердин биринде балдар аянтчасы курулду. Тынчтык корпусунун планы боюнча америкалык волонтёр (ыктыярчы) Жон Де Лео  бул аянтчанын курулушуна башчылык кылды.

“Мен эки жылдан бери ушул мектепте англис тилинен сабак берем. Ушул убакытта мектеп окуучулары аянтчага өтө муктаж экендигин түшүнүп жеттим. Ошол себептен улам, долбоорду ишке ашырууга кириштим. Бул аянтча өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. Аянтчадагы бардык жабдуулар табигый, экологиялык таза буюмдардан жасалган”, – деди мистер Жон.

“Бул сыяктуу долбоорлор Америкада кеңири жайылган. Бул аянтчада эркек балдар катары эле кыздар да ойноп эс алышы мүмкүн” –  деп кошумчалады мистер Жон.

Маалымат үчүн:

“Тынчтык  корпусу – АКШ өкмөтүнүнүн саясатына же бирер динге байланышы болбогон көзкарандысыз агенттик болуп эсептелет. Агенттиктин уставына ылайык, америкалык ыктыярчылар каалаган регионго барып жардамга муктаж жана оор шартта жашап жаткан адамдарга жардам беришет.

Кыргызстандагы Тынчтык корпусунун ишмердүүлүгү жөнүндөгү отчётто келишинче, 2017-жылы  Кыргызстан  Тынчтык корпусунун 25-муунун кабыл алды. Эми 70 тен ашуун америкалык волонтёрлор  агартуу тармагында иштеген кесиптештери менен биргеликте социалдык абалды жакшыртууга жана мугалимдердин жаштарды тарбиялоодо тажрыйбага ээ болушуна жакындан жардам беришүүдө”.

Туркистон:

Мамлекеттин саясатына ылайык дин мамлекеттен ажыратылган болсо да, турмушта мунун тескериси болуп жаткандыгы эч кимге жашыруун сыр эмес. Кошуна мамлекеттерден айырмалуу түрдө, Кыргызстанда бийлик тарабынан динге каршы аракеттер, айрыкча мектеп окуучуларын жума намазынан тосуу, хижабга каршы күрөшүү сыяктуу аракеттер алар күткөндөй натыйжа бербеди.

Ошол себептен улам,  чоң мамлекеттер чабуулду интеллигенттер катмарын кайрадан тарбиялоодон башташты.

Бүгүнкү күнгө келип, мистер Жонго окшогон куфр сакафатынын миссионерлери балдарыбызга “адам болууну” үйрөтүүдө. Мистер Жонду мектеп жетекчилиги бир ишенимдүү куткаруучу, жардамчы катары кабыл алды. Мистер Жон англис тилинен тышкары кыргыз тилин да жакшы түшүнөт, акцент менен болсо да сүйлөй алат. Өзбек тилинде да дээрлик эркин сүйлөшөт.

Советтер доорунда биздин жаш муунду “кудай жок” (наузибиллах), биз маймылдан жаралганбыз” деп тарбиялаган болсо, бүгүнкү күндө демократия сыяктуу адамдын табиятын бузуучу сакафат менен сугарылууда. Натыйжада балдарыбыз сахабалар жашоосу, жихад тарыхы жана пайгамбарлар өмүр жолуна караганда,  артисттердин жашоосун жакшыраак биле турган болуп калышты. Кайсы ырчы ким менен жашап жаткандыгы, же болбосо эмнеге ажырашкандыгы, кайсы учурда кандай рол ойногондугу, лицензиясы бар же жоктугу сыяктуу нерселерди жатка билишет.

Булардын бардыгы демократия деган бузук сакафаттын натыйжасы.

Бир мусулман жакшылык кылса, Аллах үчүн, сооп алуу ниетинде, бейиштен үмүттөнүп кылат. Т.а. адамдын табиятынан пайданы жакшы көргөндүгү үчүн, кылган жакшылыгынын акысына дагы да көркөмүрөөк пайдага ээ болууну каалайт.

Демек, мистер Жондун да бул жакшылыгы бекеринен эмес.

Кыргызстанда жайнап жүргөн туристтер чындап эле саякат кылганы келген деп ойлойсуңарбы? Шаарлары өнүкпөгөн, жарандары европа маданиятынан бир топ алыс болгон кичинекей мамлекеттин эмнесине кызыгышат?

Алар ишеними бүтүн, ыймандары таза болгон калкка ыктыярчылар катары келишип бузук сакафатын таратышат.

Мистер Жон да ушулардын бири экендиги шексиз.

Мунаввара

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here