Талибандын өкүлдөрү Москвада өтө турган сүйлөшүүлөргө катышат

440
0

Талибандын өкүлдөрү Москвада өтө турган сүйлөшүүлөргө катышат

9-ноябрь күнү Москвада Афганистанда тынчтык орнотууга багытталган сүйлөшүүлөр болуп өтөт. Бул тууралуу Россия тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Россия тарап тышкы иштер министрлеринин орун басарлары деңгээлинде өткөрүлө турган жолугушууга Афганистан, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШнын өкүлдөрү чакырылганын кабарлады.

Афганистан республикасынын президенти Ашраф Гани аталган жыйынга делегация жиберүү чечимин кабыл алды. О.э. Талибандын Дохада жайгашкан саясий кеңешинин өкүлү келери жарыя кылынды.

Россия тарап Афганистанда тынчтык орнотууну жалаң гана саясий жол аркылуу ишке ашыруу мүмкүн экендигине, бул иште кошуна мамлекеттердин о.э. аймактык өнөктөштөрдүн активдүү катышуусу зарыл экендигине ишенет.

Жыйында тыянактоочу документке кол коюу пландаштырылган эмес. Россия тараптан жыйынга РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров катышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here