Хасан Рухани: АКШны бушайман болууга мажбур кылабыз

293
0

Хасан Рухани: АКШны бушайман болууга мажбур кылабыз

Ирандын президенти Хасан Рухани “Press TV” телеканалынын эфиринде Иран Американын санкцияларын айланып өтүп, АКШны “бушайман кылары” жөнүндө билдирди. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

 Рухани: “Биримдик жана кызматташтыктагы иш-аракеттер аркылуу биз… санкцияларды айланып өтөбүз, биз АКШны бушайман болууга мажбур кылабыз, биз чет элдик инвестицияларды тартабыз… Биз экономокиалык өнүгүү жолун жаңылайбыз”, – деди.

 Белгилүү болгондой, АКШнын Иранга каршы жарыя кылган санкциялары 5-ноябрдан баштап күчүнө кирди. Санкциялар нефть экспорту тармагын да камтыйт.

АКШ президенти Дональд Трамп май айында Вашингтон Иран менен ядролук келишимден чыга тургандыгын жарыя кылган. О.э. Иранга каршы санкциялардын бардыгы кайрадан киргизилишин билдирген.

Кечээ күнү АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео санкциялар тизмесине 600 дөн ашык жарандар жана компаниялар киргизилгенин жарыя кылды. Алар менен бизнес кылууну уланта бергендер АКШнын экономикалык чараларына туш болушу мүмкүн. Помпеонун айтышынча, бул чектөөлөр “Иран режиминин иш-аракетине таасир өткөрүшү керек”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here