Жон Болтон Россия жетекчилери менен жолугушту

298
0

Жон Болтон Россия жетекчилери менен жолугушту

АКШ менен Россия Сириядагы аскерий ишмердүүлүктү ылайыкташтырууну мындан да кеңейтүүгө келишип алды. Бул тууралуу АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Москвада Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуудан кийин уюштурулган маалымат жыйынында билдирди. Ал тараптар ортосундагы диалогду кеңейтүүдөн жана башка маселелерди да талкуулоодон үмүттөнүп жаткандыгын билдирди.

“Сириядагы атайын маселелер алкагында Россия жана Америка ортосундагы операцияларды ылайыкташтырууну кеңейтүүгө жана күчөтүүгө чечим кабыл алдык”, -деди Болтон.

Анын айтышынча, Сирия проблемасын жөнгө салуу боюнча Россия-Америка сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү аяктаган. Сириядагы аскерий операцияларда эки тарап ортосунда олуттуу окуялардан жана кагышуулардан сактануу үчүн Россия-Америка механизмин күчөтүү боюнча иш алып барылууда.

О.э. Болтон Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен да жолугушту. Шойгу Москва жана Вашингтон көптөгөн маселелерди чечиши мүмкүн экендигин белгиледи. Анын билдиришинче, ал тургай кичинекей кадамдар да эки өлкө ортосундагы мамилелердин пайдасына чечилет жана алардын ортосунда кайрадан ишеним пайда кылат.

“Бул (Болтондун Москвага сапары) Россия менен АКШ ортосундагы мамилелердин туруктуулугуна түрткү болот деп үмүттөнөм”,“Бул дүйнөдө көптөгөн маселелер бар, ал маселелер Россия жана АКШ тарабынан чечилиши мүмкүн”, – деди Шойгу.

АКШнын Москвадагы элчиканасы билдиргендей, Жон Болтон Россия коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен жолугушууда ракеталык келишим боюнча, Сирия, Иран жана Түндүк Корея маселеси о.э. терроризмге каршы күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here