Кытайларга каршы чыккандарды милиция камакка алды

292
0

Кытайларга каршы чыккандарды милиция камакка алды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кени айлана-чөйрөгө зыянын тийгизип жатканына каршы 23-октябрь күнү нааразылык билдирип чыккан адамдарды милиция кармап кетти.

Шамбесайда болжол менен 8 тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо иштери 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Учурда кенди иштетүүгө кытайлык “Тианди” компаниясы уруксат алган.

 А бирок, бийлик өкүлдөрү жана күч органдары жергиликтүү элдин нааразылыгына кулак салуунун ордуна аларга каршы күч колдонуп, ал турагай улуу жаштагы аялдарды да мажбур сүйрөп, адамдарды күч менен таратып жиберди. Күч түзүмдөрү “өкмөттүн буйругун аткарып жатабыз” деп актанышы мүмкүн. А бирок, алардын милдети элди кордоо эмес, коргоо экендигин унутпашы керек.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын экономикалык абалы өтө оор болуп, мамлекеттик карыз ИДПнын 60 пайызына барабар болууда. Кыргызстандын тышкы карызынын негизги бөлүгү Кытайдан болгондуктан, биздин бийлик Кытай компанияларына өлкө аймагында эркин иштөөгө шарт түзүп берүүдө. Кытайдын мындай баскынчылык саясатына каршы өткөн айда өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган бир топ мусулмандар социалдык тармактарда “Биз Кытай баскынчылыгына каршыбыз” деген акция уюштуруп, бул акция элдин колдоосуна ээ болгон эле.

 Эгерде ушундай улана берсе, жакынкы келечекте Кыргызстандын мамлекет катары сакталып калышы күмөн болуп калат. Себеби, Кытайга карыздарды акчалай эмес, жер жана кен-байлыктар көрүнүшүндө кайтарып алууга кызыкдар. Буга Кытай Тажикстандан карызына Тоолуу Бадахшандагы жерлердин бир бөлүгүн тартып алганын мисал келтирсек болот.

 Эй, Кыргызстан калкы! Бул жер, мусулмандар өлкөсү болгон бул мамлекет – биз үчүн аманат! Биз өз жерибизди Кытай баскынчылыгынан сактап калышыбыз керек. Кытай менен келишим түзүп жаткан о.э. аларга Кыргызстанда ээн-эркин иштөөгө, экологияны каалаганча булгашына шарт түзүп берип жаткан бийликтен Кытай менен ар кандай мамилени үзүүнү талап кылалы!

 Инвестиция жаткыруу шылтоосу менен хань кытайлары мамлекетибизге кирип келип, орношуп алышына жол бербейли! Негизи, инвестиция жаткыруу – бул экономикалык колония кылуу болуп эсептелет. Кытай биздин жерлерди басып алуу үчүн ушундай саясат жүргүзүүдө. Эгерде биз бүгүн буга каршы турбасак, эртең кеч болуп калат. Чыгыш Түркстандагы уйгур, казак, кыргыз мусулмандардын башына түшүп жаткан сыноо жана балээлер жакынкы келечекте биздин да башыбызга келип калышы мүмкүн. Аллах сактасын!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here