Дүйнөдө мусулмандарга болуп жаткан зулумдар жөнүндөгү суроого жооп

364
0

Суроо:  Дүйнөдө мусулмандарга болуп жаткан зулумдарга биз канчалык деңгээлде жоопкербиз? Мисалы, Кытайдын уйгурларга карата зулумуна Кыргызстан мусулмандары канчалык жоопкер? Илгери Халифалык мамлекети жоопкер, биз ошол мамлекетти тикелешибиз керек деп айтылчу.

Жооп:  Азыр деле дүйнөдөгү залимдерге каршы Халифалык мамлекети гана адамзатка калкан болот деген пикир өзгөргөн жок. Бул өкүм сийраттан, тарыйкаттан алынган анык өкүм болуп, Ислам тарыхында ишенимдүү риваяттар менен анык жазылган.

Бирок, бул мамлекет тикеленгенден кийин да, ал жок болуп турган кезде да аткарылышы керек болгон амалдар бар. Алар шахсий же жамаий болушу мүмкүн. Мисалы:  намаз, орозо, зекет сыяктуу ибадаттар, жума, жаназа намазы сыяктуу жамаий ибадаттар о.э. бири-бирибизге жардам беришибиз керек болгон адамдык алакалар, үй-бүлөлүк алакалар тууганчылык, диндештик, инсанийлик сыяктуу мамилелер. Бул алакалар Халифалык мамлекети убактылуу жок болгондо да аткарыла турган мажбурий мамилелер болуп эсептелет. Айырмасы, халифалык бул амалдарды шаръий өкүм менен, исламий тарыйкатка ылайык тартип менен башкарат. Мамлекет жок болуп турганда болсо т.а. куфр өкүмү астында, кырдаалга ылайык киргизилген (шахсий жана жамаий) шаръий өкүмдөргө ылайык, болгон мүмкүнчүлүктү ишке салып, шаръий өкүмдөргө амал кылынат. О.э. коомдун исламдашып баруусу үчүн болгон мүмкүнчүлүк менен сийрат жана тарыйкатка ылайык аракет кылынат.

Ошондо да “мусулман бар болгон мүмкүнчүлүгүн Халифалык мамлекетин тикелөөгө жумшашы керек” деген пикир үстөм болуп кала берет! Себеби, Халифа бүт дүйнөдөгү мусулмандардын жападан-жалгыз жетекчиси жана адамзаттын жападан-жалгыз коргоочусу. Халифасыз дүйнөдөгү зулумдун алдын алуу мүмкүн эмес. Себеби, зулум дегенде, бир тарап экинчи тарапты ушул дүйнөдөгү же акыреттеги кызыкчылыктарынан куру калтырып жаткан абал түшүнүлөт.

Ошого карабастан, биз бүгүнкү күндө Халифалык мамлекети жок болгон, дүйнөлүк куфр башкаруусу астында жашап жатабыз. Демек, ар бир аракетибиз, жашообуз бүгүнкү күндөгү проблемаларга муалажа (чечим) берип баруу менен, болгон мүмкүнчүлүгүбүздү ишке салып Исламды турмушка кайтаруу негизине курулушу керек! Т.а. адамзат үстүнөн жоопкер болгон халифалык мамлекетин турмушка алып келип, салтанатты (башкарууну) ага тапшырып, жоопкерликти ага өткөрүп берүү керек. Ошондо да, биз үммөт жана анын бир бөлүгү болгон хизб, мамлекетти жамаий мухафаза кылуу (жардам берүү) жана аны зулумдан қайтаруу үчүн ар дайым мухасаба кылып туруудан жоопкер болуп калабыз.

Бүгүнкү күндө үммөттүн башына түшүп жаткан зулумдарга келсек, зулумдар биздин көз алдыбызда уланып жатат. Исламий өлкөлөрдүн жетекчилери үммөттүн мүлктөрүн ээлеп алып, андан кыянаттык менен пайдалануу жана куфр менен бөлүшүү аркылуу бизге зулум кылууда. Алар бизди душмандан коргоого убада берип, армияларга өтө чоң каражаттарды жумшап жатышат. Ошого карабастан, армиялар алар бири-бири менен бийлик талашуу учурунда, же дүйнөлүк куфр системасынын көрсөтмөлөрүнө ылайык, керексиз жактарга же мусулмандарга каршы гана багытталууда! Биз (үммөт) ушул залимдерге салтанатты тапшырып койгонубуздан жоопкербиз!

Мисалы, Уйгурстанга карата Кытайдын зулумун алсак. Биз болгон мүмкүнчүлүгүбүздү ага каршы багытташыбыз важиб. Мүмкүнчүлүктөрүбүз болсо бийликтин колунда. Демек, биз алардан биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздүн бардыгын жумшап, Кытайга басым өткөрүү үчүн бардык жолдордон пайдаланууну талап кылышыбыз керек. Дүйнө мусулмандарынын бардыгы ушундай кылышы керек. Мына ушул аракеттерибиздин өзү Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн кылынган даъват болуп, үммөткө зулумду сездирет жана зулумга каршы күрөшүү сезимин пайда кылат.  О.э. анын өз мабдаъсы менен ойгонушуна себеп болот.

Тыянактап айтканда, дүйнөдө болуп жаткан зулумдарды жоюу үммөттүн милдети болуп эсептелет. Аллах салтанатты үммөткө берди. Үммөт бул аманатты майда акимдерге тапшырып койду. Майда мамлекеттердин бийликтери болсо мусулмандарга болуп жаткан зулумдарга каршы күрөшүүдөн баш тартышууда. Үммөт өз катасын оңдоп, алардан ыйгарым-укуктарындагы шарттарды аткарууну талап кылышы керек. Алар аткаруудан баш тартышса, үммөттүн ыйгарым-укукту алардан тартып алышы важиб болот. Себеби, Аллах салтанат аманатын мусулмандарга берген!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here