Саудия АКШнын эсебине 100 миллион доллар өткөрдү

275
0
Saudi Arabia's King Salman bin Abdulaziz Al Saud meets with U.S. Secretary of State Mike Pompeo in Riyadh, Saudi Arabia, October 16, 2018. REUTERS/Leah Millis/Pool

Саудия АКШнын эсебине 100 миллион доллар өткөрдү

Жамал Кашыкчы маселесин талкуулоо үчүн Саудияга барган АКШнын тышкы иштер министри Майк Помпео, 15 мүнөттүк сүйлөшүүдөн кийин Саудиядан ЙПГ (Сирия демократиялык күчтөрү) үчүн 100 миллион доллар өндүрдү.

Белгилүү болгондой, Саудиянын Түркиядагы элчилигине кирген бойдон дайынсыз жоголгон саудиялык журналист Жамал Кашыкчынын тагдыры дүйнөдөгү негизги темага айланууда. Кашыкчы маселесинде түрдүү реакциялар себептүү кыйын абалда калган Саудия өкмөтү АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео ушул маселени талкулоо үчүн Эр-Риядга келгенде ЙПГ/ПКК террорчу уюму үчүн АКШга 100 миллион доллар берди.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин кабарына таянсак, Эр-Рияд Сирияда ИШИМден тартып алынган аймактар үчүн берүүнү убада кылган 100 миллион доллардык жардамды АКШ өкмөтүнө караштуу эсепке которду.

Трамп админстрациясы аталган каржылык жардамды көптөн бери талап кылып келе жаткан болсо да, бирок, Саудиянын бул каражатты АКШга тапшырышы, дал ушул журналист Жамал Кашыкчынын Стамбулдагы Саудия консулдугунда жоголуп кетиши боюнча Помпеонун сапарына туура келиши көңүл бурууга арзыйт.

“Бул кокустук эместиги анык” деди Сирия саясатына жетекчилик кылган, а бирок атын ашкере кылууну каалабаган АКШ чиновниги.

Эр-Рияд буга чейин да 100 миллион доллар берген эле. Саудиянын мамлекеттик министри Самир ал-Шабхон 2017-жылдын октябрында АКШлык расмийлер менен ЙПГ/ПКК ээлеп алган Ракка шаарынын Айн-Иса аймагына жана айрым айылдарга сапар кылган эле. Сапардан кийин Эр-Рияд АКШ жана ЙПГ/ПКК чабуулдарында бүтүндөй жок кылынган Ракканы кайра куруу үчүн 100 миллион доллар берген эле.

Помпеонун Саудияга сапарынын артынан АКШ президенти Дональд  Трамп телеканалдардын биринде Кашыкчы маселеси боюнча суроого жооп берип жатып, Саудиядан алыстоо ниети жоктугун билдирди.

Трамптын айтымында, АКШ терроризмге (Исламга) каршы күрөштө Саудияга муктаж.

Трамп: “Саудия биздин Жакынкы Чыгыштагы маанилүү союздашыбыз бойдон калат”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here