Путин: Өзбекстан экономикасында жана өзбек элинин турмушунда жакшы жагына өзгөрүүлөр болот

298
0

Путин: Өзбекстан экономикасында жана өзбек элинин турмушунда жакшы жагына өзгөрүүлөр болот

Россия президенти Владимир Путин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен тар чөйрөдөгү жолугушуусунда: “Өзбекстан Россиянын ишенимдүү союздашы, мамлекеттер эки тараптуу кызматташтык базасын кеңейтүүнү улантат жана республикада жүз берип жаткан оң жакка өзгөрүүлөр бул кызматташтыкка жардам берет”, – деди.

Россия президенти Өзбекстан Россия Федерациясынын “ишенимдүү союздашы жана стратегиялык өнөктөшү” экендигин баса белгиледи.

“Өзбекстанда абал түптөн өзгөрүп жатканына, реформалар кандай уюштурулуп, кандай ишке ашырылып жатканына күбө болуп жатабыз. Өзбек экономикасы жана өзбек калкы үчүн мындай өзгөрүүлөр зарыл болчу”, – деди РФ президенти.

Путиндин айтымында, жакынкы келечекте Өзбекстан экономикасында жана өзбек калкынын турмушунда оң жакка өзгөрүүлөр жүз берет.

 Путин: “Бул бизге мамилелерди жаңы негизге таянып баштоого мүмкүнчүлүк берүүдө. Сиздер азыр Өзбекстанда ишке ашырып жаткан өзгөрүүлөр себептүү, биз соода-экономикалык алаканы олуттуу кеңейтип жатабыз… Биз кийинчерээк да ушул активдүүлүктү улантууну пландаштырганбыз, бардык аракеттерибиз биздин кызматташтык базабызды кеңейтүүгө багытталат, ошону менен бирге аймактык кызматташтык аркылуу бул алаканы өнүктүрөбүз”, – деди.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев болсо, соңку эки жылда эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгы жана союздаштык мамилеси сапат жагынан жаңы баскычка көтөрүлгөндүгүн айтты.

 “Биздин кызматташтыгыбыз бардык багыттарда уланууда”, – деди Өзбекстан президенти.

Кызматташтык тармактары арасында аскерий-техникалык кызматташтык өзгөчө баса белгиленди. О.э. илимий, билим берүү жана маданий тармактарда кызматташтык күчөгөндүгү кошумчаланды.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда алгачкы атомдук электростанция курулуп жатышын Россия менен жаңы стратегиялык кызматташтыктын багыты катары сыпаттады.

Эске сала кетсек, жума күнү Путин менен Мирзиёевдин катышуусунда АЭСтин курулушуна старт берилген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here