АКШ Россия менен түзүлгөн ракеталар боюнча келишимден чыгышы мүмкүн

288
0

АКШ Россия менен түзүлгөн ракеталар боюнча келишимден чыгышы мүмкүн

“Америка Кошмо Штаттарында орто жана жакынкы аралыкка болжолдонгон ракеталар боюнча келишимден баш тартуу сунушталууда. Мындай иш-аракеттер тууралуу президенттин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Жон Болтон билдирүү таратты”, – деп жазды “The Guardian”.

Гезиттин маалыматына ылайык, токтом кабыл алына элек, себеби, мамлекеттик департаменттин жана Пентагондун бир катар кызматкерлери бул демилгеге каршы чыгышууда. Дүйшөмбү күнгө пландаштырылган талкууну кийинкиге калтыруу жөнүндө токтом кабыл алынды.

Кабарда келишинче, Болтон 2010-жылы АКШ жана Россия ортосунда түзүлгөн стратегиялык куралдарды кыскартуу о.э. чектөө боюнча келишимдин мөөнөтүн узартууну да блоктоп коюуну каалап жатат.

Орто жана жакынкы аралыкка болжолдонгон ракеталар боюнча келишим тараптарга учуу аралыгы 500 км.ден 5,5 миң километрге чейинки, жерде жайгашуучу баллистикалык ракеталар жана канаттуу ракеталарга ээлик кылууга тыюу салат. Документке 1987-жылы кол коюлган. Россия менен АКШ бири-бирин келишим шарттарын бузгандыкта айыптап келет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here