Николай Патрушев өзбекстандык кесиптеши менен жолугушту

348
0

Николай Патрушев өзбекстандык кесиптеши менен жолугушту

Өзбекстан президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Maхмудов жана анын россиялык кесиптеши Николай Патрушев Өзбекстан-Россия кызматташтыгынын кеңири чөйрөдөгү, биринчи кезекте, коопсуздук тармагындагы маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Россия Коопсуздук кеңешинин маалымат кызматы кабарлады.

 “Аскерий жана аскерий-техникалык кызматташтык жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан да өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги, миграция тармагындагы проблемаларды чечүүнүн жолдору, маалыматтык инфраструктура коопсуздугун камсыздоо жана компьютерге байланыштуу окуяларга жооп берүү масалелери талкууланды. О.э. Борбор Азиядагы кырдаал боюнча пикир алмашылды”,- деп айтылат кабарда.

Туркистон:

Россия Өзбекстандын ички саясатында түптөн өзгөрүүлөр пайда болушуна таасир өткөрүүдө. Ал Өзбекстан режиминин негизги таянычы болгон коопсуздук комитетиндеги таасир кубатын күчөтүү менен Өзбекстанда башкаруу системасы дагы кайрадан коопсуздук түзүмүнүн кол астына өтүшүнө аракет кылып жатат. Башкача айтканда, коопсуздук мамлекетти көзөмөлдөөнү дагы кайрадан коопсуздук кызматынын колуна кайтарууга аракет кылууда.

Президент Мирзияевдин мамлекетти эл аралык саясат (Батыш дүйнөсү) менен бирге өнүктүрүү үчүн кылып жаткан аракеттери режимдин кызыкчылыктарына  туура келбеди. Россия бул кырдаалдан пайдаланып, Өзбекстан башкаруусун дагы кайрадан коопсуздукка негизделген аскерий машинага айландырууда.

Борбор Азиядагы проблемалар боюнча пикир алмашуулар да, буга чейинки экономикалык кызыкчылыктар негизинде жүрүп жаткан багытка тескери көрүнүштө ишке ашырылат. Башкача айтканда, Афганистанга карата коопсуздук көзү менен кароо саясаты үстөм болгон стратегия иштеп чыгуу үчүн Өзбекстанга басым өткөрөт. Кошуна мамлекеттер менен болгон мамиле да мурункудай көрүнүшкө кайтышы күтүлөт.

Россия Борбор Азияга экономикалык жана сакафий таасир өткөрө ала турган абалда эмес. Ошондуктан, Путин Ташкентке коопсуздукка көңүл бурууну насаат кылып, региондогу аскерий кубатын күчөтүүгө жана кооптуу абалды пайда кылууга аракет кылат. Калган келишимдердин дээрлик бардыгы мына ушул кызыкчылык негизинде иштеп чыгылган.

Өзбекстандан Афганистан аркылуу ачылышы мүмкүн болгон океанга алып чыгуучу жол, Россиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктарын дээрлик жокко чыгарышы мүмкүн. Ошондуктан, Россия Өзбекстандын ички башкаруу системасын өзгөртүүгө аракет кылууда жана ушул аркылуу анын тышкы саясатын да башка багытка бурмакчы болууда. Өзбекстанды АЭС куруп берүү менен кызыктырып, режимди дагы кайрадан өз таасири астына кайтара алды.Эми Афганистан аркылуу транзит долбоорун жокко чыгаруу максатында болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен аракет кылат. Бул аракеттери көбүрөөк фитнакечтик, терррордук операцияларды уюштуруу сыяктуу эң бир ыплас иштер менен уланышы күтүлөт. Себеби, Россиянын мындан башка мүмкүнчүлүк жана шарттары жок!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here