Афганистандагы согуш Трамп доорунда ого бетер күчөдү

461
0

Афганистандагы согуш Трамп доорунда ого бетер күчөдү

“АКШ жана Афганистан ортосунда 2014-жылы кол коюлган коопсуздук келишимине карабастан, Дональд Трамп бийликке келгенден кийин, аталган мамлекеттеги кырдаал ого бетер курчуп кетти”, –  деп кабарлады “Анадолу” агенттиги.

2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто ишке ашырылган теракттардын артынан АКШ Афганистанга кошуундарын жөнөттү.

Бүгүнкү күнгө келип, Афганистандагы операция АКШны бир триллион доллардан көбүрөөк чыгымга дуушар кылды.

2014-жылы (Барак Обаманын тушунда) Кабул менен Вашингтон коопсуздук боюнча келишим түзүп, ал келишим боюнча Афганистанда 10 миңдей америкалык аскер калышы мүмкүн эле.

Бирок ошого карабастан, Дональд Трамп бийликке келгенден кийин, Афганистандагы кырдаал кайрадан курчуп кетти.

БУУнун Афганистанга жардам берүү боюнча комитетинин (UNAMA) отчётуна ылайык, аталган мамлекетте аскерий курмандыктар менен бир катарда, жай тургундар арасында да өлүмдүн саны өсүп барууда.

“2018-жылдын январь-июнь айларында Афганистанда 1692 жай тургун каза болду. Бул болсо акыркы 10 жылдагы көрсөткүчтөн бир нече эсе көптүк кылат”, – деп айтылат отчётто.

АКШнын Афганистандагы “Чечкиндүү колдоо” (ResoluteSupport) миссиясынын маалымат катчысы Кнут Петерстин “Анадолу”агенттигине билдиришинче, бүгүнкү күндө Афганистандын тагдыры 41 мамлекет үчүн маанилүү.

 Ал: “Бул мамлекеттердин аракети, Афганистан чет өлкөдөн келген террорчулар өздөрүн коопсуз сезе турган аймакка айланып калышына жол бербестикке каратылган”, – деди.

 АКШ Афганистанга бастырып киргенине 17 жыл болду, бирок кырдаал оңолушунан эч кандай үмүт жок. 17 жылдын ичинде Афганистанда жай тургун жана аскерлер болуп, жалпысынан 217 миң адам курман болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here