Трамп АКШ аскерий өнөржай комплексиндеги алсыз тараптарды үйрөнүүдө

236
0

Трамп АКШ аскерий өнөржай комплексиндеги алсыз тараптарды үйрөнүүдө

АКШ коргоо министринин биринчи орун басары Патрик Шанахан АКШ аскерий өнөржай комплексиндеги алсыз тараптар жана жалпы абал боюнча АКШ президенти Дональд Трампка отчёт берди. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс кабарлады.

Сандерс аталган отчётту «тарыхий» деп сыпаттап, президент Трамп мамлекеттин коргоо өнөржайы тармагында туруктуулукту жана жакшы абалды сактоо менен түздөн-түз алектенип жаткандыгын о.э. бул иш президент Девид Эйзенхауэрден бери биринчи жолу ишке ашырылып жаткандыгын билдирди.

“Президент жетекчилигиндеги коргоо, соода, энергетика жана эмгек министрлери – коргоо өнөржайы тармагындагы 300дөй кемчиликтерди жоюу иштери менен алектенүүдө”, – деди Сандерс.

Анын айтымында, Трамп админстрациясы коргоо чыгымдарын көбөйтүү о.э. өндүрүштү модернизация кылуу жана жандантуу аркылуу АКШ куралдуу күчтөрүн кайрадан тикелөө саясатын жүргүзүүдө.

Сандерстин белгилешинче, реформа кылынышы керек болгон негизги беш проблема бар:1) Коргоо бюджети этибарсыз калтырылгандыгы жана мамлекеттик чыгымдар жаатында жалпы аныктык жоктугу. 2) Иштеп чыгаруу көлөмү жана мүмкүнчүлүктөрүнүн төмөндөп кетиши. 3) Курал-жарак соодасында бир катар мамлекеттер ортосунда атаандаштыктын күчөшү. 4) Пентагондун улуу келишимдер системасындагы кемчиликтери. 5) Аскерий өнөржай тармагында иштеп жаткан кызматкерлердин жөндөмү төмөндөп кетиши.

Буга чейин, АКШ админстрациясындагы жогорку даражалуу чиновник журналисттерге берген интервьюсунда, аскерий өнөржай комплексинде «маанилүү алсыз тараптар» аныкталгандыгын билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here