Индия АКШнын санкция менен коркутуусуна жооп берди

272
0

Индия АКШнын санкция менен коркутуусуна жооп берди

 Индия армиясынын штаб башчысы генерал Рават Бипин билдиришинче, Индия өкмөтү Россиядан С-400 сатып алгандан кийин АКШ Индияга карата санкция киргизиши мүмкүндүгүн түшүнүп турат.

“Бирок, биз көз карандысыз саясат жүргүзөбүз”, – деп өзгөчө баса белгилеген армия жетекчиси.

Генералдын сөздөрүнө ылайык, Россияга Нью-Дели жана Вашингтон ортосунда алакалар бекемделишинен “тынчсыздануунун кереги жок”.

“Санкцияларды талкуулап жаткан учурда, келечекте Америка тараптан кыйынчылыктар болушуна карабастан, Владимир Путин жана Нарендра Моди С-400 комплексин сатып алуу келишимине кол коюшту”, – деп кошумчалады генерал.

Жума күнү Россия менен Индия ортосунда С-400 комплекстерин жеткирип берүүү боюнча 5,43 миллард доллардык келишимге кол коюлду. Индия Кытай жана Түркиядан кийин “Триумф” зениттик ракета комплекстерин сатып алган үчүнчү мамлекет болуп калды.

АКШ Индиянын пландарынан тынчсызданып, санкциялар киргизилиши мүмкүн экендигин билдирген.

Россия жана Индия – аскерий-техникалык тармакта өнөктөш мамлекеттер болуп эсептелишет. Индия армиясындагы аскерий техниканын 70 пайызы Россияда чыгарылган. Россия жыл сайын Индияга миллиард доллардык техника жана курал-жарак жеткирип берип турат.

Туркистон:

АКШнын эл аралык саясаттагы жаңы стратегиясы – Россия, Кытай жана Индия союздаштыгы же кызматташтыгын пайда кылышы мүмкүн.

АКШнын жаңы стратегиясы боюнча, ал дүйнөлүк полициячы милдетин мойнуна алмакчы болууда. Ал тургай, дүйнөнү өз кызыкчылыктарына ылайык аскерий тартип менен кармап турганы үчүн, регион жана мамлекеттер аскерий чыгымдары үчүн ага акы төлөшүн талап кылууда.

Исламга каршы бириккен дүйнөлүк куфр системасынын күрөшү, эми куфр мамлекеттер ортосундагы материалдык кызыкчылыктар үстүндө болуучу сиёсий, экономикалык жана аскерий кызыкчылыктарды талашуу тармагына көчүп өтүүдө. Т.а. куфр дүйнөсү бир-бири менен пайда талашууда, сиёсий таасири жана аскерий кубаттарына таянып, бири-бири менен тарапкечтик күрөшүн алып бармакчы болушууда. Алар АКШ башчылыгында АКШ кызыкчылыктарына тескери иш алып барып жаткан мамлекеттерге каршы борборлошкон каршылык фронтун түзүшүп, бардыгы ошол мамлекетке каршы багытка мажбурланып жатышат. Кудум ушундай борборлошкон (глобалдык) каршылык аракеттери, куфр дүйнөсү тараптан исламий мабдаъий аракетке каршы алып барылат эле. АКШнын бул стратегиясы  эл аралык мыйзам-эрежелерди талкалап жибериши мүмкүн. Натыйжада алар бир нече тараптарга бөлүнүп, ар бир союз өз мыйзамы менен иш алып бара турган абал пайда болот. Бул абал эл аралык коомчулук жана дүйнөлүк башкаруу системасы кулап бара жаткандыгын билдирет, инша Аллах!

Индия Россия сырьёлору үчүн чоң базар болуп, аларды Кытай гана бириктирип жибериши мүмкүн. Бул болсо, эл аралык саясатта өтө чоң өзгөрүүлөргө себеп болгон АКШга каршы жаңы өтө кубаттуу союз пайда кылышы мүмкүн. АКШ мамлекеттик катчысы Помпео Кытайдын тышкы иштер министри менен балким ушул коркунучтун алдын алуу үчүн жолугушкандыр.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here