Абдусалом Азизов: Биз душмандын мизин кайтарууга даярбыз

260
0

Абдусалом Азизов: Биз душмандын мизин кайтарууга даярбыз

Тажикстандын “Чорухдайрон” полигонунда болуп өткөн өзбек-тажик аскерий машыгууларынын соңунда Өзбекстандын коргоо министри, генерал-майор Абдусалом Азизов: “Өзбекстан  менен Тажикстан аскерий күчтөрүнүн машыгуулары биз душмандын мизин кайтарууга даяр экендигибизди көрсөттү”, – деди.

Министрдин билдиришинче, 5 күнгө созулган машыгуулар эки армиянын тарыхында алгачкы жолу биргеликте өткөрүлүп жаткан манёврлар болуп, тарыхый мааниге ээ.

“Бүгүнкү күндө дүйнө жана Борбордук Азия регионундагы кырдаал, эл аралык террорчу топтордун активдешүүсү – бизди сак болууга, куралдуу күчтөрүбүздү ар дайым даяр абалда турууга мажбур кылат. Биз бир аймакта жашайбыз, ошондуктан биргеликте кылынган аракеттер жана аскерий бөлүктөрдүн өз ара кызматташтыгы натыйжасында гана терроризмге каршы чыгып аны жеңе алабыз”, – деди Абдусалом Азизов.

Өз кезегинде, Тажикстандын коргоо министри да бүгүнкү күндө Афганистандын түндүгүндөгү кырдаал тынчсыздандырып жаткандыгын билдирди.

Тажикстандын коргоо министри, генерал-полковник Шерали Мирзо “Ал жерде террорчу топтордун активдүүлүгү о.э. “ИШИМ” согушкерлеринин топтолуусу байкалууда. Улуттук коопсуздукка каршы пайда болуп жаткан чакырыктар жана терроризм болуп көрбөгөндөй активдешкен бир учурда, эч бир мамлекет бир өзү аларга каршылык көрсөтө албайт. Мындай учурда аймактагы күчтөрдү бириктирүү өтө маанилүү. Тажикстан жана Өзбекстан республикалары Борбордук Азиянын дарбазасы болуп эсептелет. Мамлекет башчыларыбыз Афганистанда тынчтык жана туруктуулук орнотуу үчүн колунан келген бардык иштерди аткарууда. Ошол эле учурда биз терроризмдин бардык багыттарына каршы күрөштү күчөтүп жатабыз”, – деди.

Эске сала кетсек, Өзбекстан жана Тажикстан аскерлеринин биргелешкен машыгуусу 17-сентябрда Тажикстандын “Нурафшон” окуу борборунда башталган. 600 гө жакын аскер катышкан машыгуу 22-сентябрга чейин уланды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here