Кыргыз тарыхын үйрөнүү үчүн Кытайдан окумуштуулар келишти

291
0

 Кыргыз тарыхын үйрөнүү үчүн Кытайдан тарыхчы-окумуштуулар келишти

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-августта Кытайдан келген тарыхчы-окумуштууларды кабыл алып, КР президенттик аппаратынын алдындагы Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондуна кытайлык окумуштууларга бардык шарттарды түзүп берүү боюнча тапшырма берди. Буга чейин бул тарыхый архивдик документтер боюнча россиялык адистер иш алып барышат эле. Эмне үчүн эми Кытайды кыргыздардын тарыхы кызыктыра баштады?

Тарых – бул ар бир дүйнө карашка тиешелүү сакафат негиздеринин бири болуп, ошол дүйнө караш негизиндеги түзүм тикелениши менен ага ылайыкташтырылат. Мисалы:  Жакынкы тарыхты алсак, Украина Россиянын таасири астынан чыгып кетишинен бир нече жыл мурда экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Россия куткаруучу эмес тескерисинче баскынчы болгондугу сүрөттөлүп, тарых алгачаң-сезимдерде андан соң расмий түрдө өзгөртүлдү. Фашизмден азат кылынган күндөр майрам болуп эсептелбей турган болду. Андан кийин Батыш Украинаны Россиядан тартып алды. Тарыхтан дагы мисал келтире турган болсок, исламий Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин куфр дүйнөсү аны Усман империясы деп тарыхка киргизди. Негизи империя менен Халифалык башкаруу принциптеринде асман менен жердей айырма бар. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ Японияны басып алышында 1944-жылдын 26-июлундагы “Потсдам декларациясы” негиз болгон. Бул декларацияга, Япон мамлекети тарыхтан агрессивдүү экендиги жана ар дайым башка мамлекеттерге кол салып келгени жөнүндөгү тарыхый маалыматтарды негиз кылышты. Башкача айтканда, япониянын тарыхын өз максатына ылайык өзгөртүп алды. Ал тургай, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан ортосундагы чек араларды аныктоодо (демаркация) да, ар бир тарап өзүнчө бир тарыхый документтерге негизделип, ушунча жылдардан бери келише албай жатышат.

Демек, бирер дүйнө караш негизиндеги башкаруу системасын өзгөртүүдө, же бир мамлекет башка мамлекетти басып алышында, же бирер дин экинчи дин үстүнөн өкүмдар болушунда тарыхтын орду өтө чоң экен! Тарых жөнүндөгү элестетүү, коомдун ошол тарыхый баалуулукка ишенимин күчөтөт же жок кылат. СССР тарыхын окуп ага кызмат кылып келген адамдар, ага бүтүндөй тескери болгон капитализм тарыхын окуп үйрөнүшүп, бүгүнкү күндө Кыргызстанды башкарып жатышат. Алар СССРге тескери саясат жүргүзүшүүдө. Мындан көрүнүп тургандай, тарых ар бир мабдаъ (идеология) сакафаты негиздеринин бири болуп, ал ошол дүйнө караштын акыйдасына, мыйзамчылыгына ылайык калыптандырылат.

Кыргыз бийлиги Кытайдан карыз алуу менен ага ушунчалык көз каранды болуп бара жатат дейсиң, ал тургай Кытайдын кандайдыр тарыхчы-окумуштуулары келип президент менен жолугушуп, өздөрүнүн арамза иштерин президенттин жардамы аркылуу ишке ашырууга киришишти. Негизи Кытай тарыхчылары биздеги бардык маалыматтарды алып, тарыхты өздөрүнө пайдалуу тарапка бурмалоого аракет кылышат. Бул болсо, колония кылуунун көп жылдык планы болуп, Россия эл аралык саясаттан кулап барган сайын күчөп баруучу Кытайдын куралы болуп эсептелет. Кыргызстан өзүн-өзү коргой албайт. Бүгүнкү күндө Батыштын таасири жана Россиянын колонизатордугу Кытайдын жолун тосуп турат.

Эй, Кыргызстандагы саясий элита!

 Тарых барактарында өтө чоң каталарды кетирген кыянатчы саясатчылардан болуп калбагыла. Силер алган карыздар үчүн жакында Кытай жерлерибизди, кен байлыктарыбызды тартып алат! Бирок, силердин жардамыңар аркылуу алар бизди алгач моралдык, андан соң материалдык жактан басып алышы мүмкүн болуп турат.  Биз ушунча аракет кылып да, Россиянын СССРден калган сакафий колониясынан кутула элекпиз. Эми орустар эл аралык саясатта алсырап бара жаткандыгы себептүү бошоп жаткан экономикалык, саясий жана сакафий боштуктарды Кытайга ачып берип жатасыңар. Динге каршы күрөштө да, Батыштан алганыңар аз келгенсип, эми Кытайдан карыз алууну көздөп жатасыңар! Силерде жогорку баалуулуктарга болгон сый-урмат калбадыбы? Кыргызстан Кытайдын атеисттик сакафий колониясына айланса, силер диниңерден баш тартасыңарбы. Мусулман уйгурларды арак ичүүгө мажбурлап, аларга рамазанда чочко этин жедирип, Куран окушуна тыюу салып жатканын укпай жатасыңарбы? Миллиондогон бейкүнөө мусулманды атайын лагерлерге мыйзамсыз камап, көпчүлүгүн жок кылып жиберип жаткандыгынан кабарыңар жокпу?

Эй, Кыргызстан калкы!

Кытай Чыгыш Түркстанда эмне иштерди кылып жатканын билип туруп да, алардын баскынчылыгына жол беребизби? Мамлекеттин атынан алган карыздарды өздөштүрүп алганы үчүн камактарда жатканын көрүп туруп да, ушул бузуку жетекчи топко ишенип отура беребизби? Ушундай боло берсе жакында Кытай бизди басып алат го. Себеби, алар биздеги тарыхый документтерди өздөрүндөгү менен ылайыкташтырып жаңы тарых жаратмакчы болушууда. Андан соң өздөрүнүн тарыхый далилдерин билим берүү программаларыбызга киргизүүгө аракет кылышат. Бул болсо, ушул жетекчи топтун жардамы аркылуу ишке ашат.

Ушундан келип чыгып, биз президентке, саясий элитага жана жетекчи топтун өкүлдөрүнө мамиле билдиришибиз керек. Алардан биздин узак мөөнөттү кызыкчылыктарыбыз негизинде иш алып барышын талап кылалы. Аларды ислам жана мусулмандардын о.э. үммөт жана жарандардын кызыкчылыгына тескери болгон ар кандай кызматташтыктан баш тартууга чакыралы. Кыргыз өкмөтү Кытайдан коркот, бирок, үммөт андан коркпойт. Ошондуктан, бийлик өз жарандарындагы кубатка таянса гана Кытайга, анын репрессияларына каршы тура алышын эскертели. Кытай Чыгыш Түркстандагы репрессиясын баштоонун алдында ондогон жылдар жарандарын сакафий колония кылуу менен убара болду. Себеби, жарандар пикири өтө күчтүү курал болуп эсептелет. Эгерде ал бийликтин пикири менен бириксе, улуу жана кудуреттүү курал жана калканга айланат.

Абдураззак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here