Кытай разведкасы Борбор Азия республикаларындагы уйгурларды уурдап кетүүдө

269
0

Кытай разведкасы Борбор Азия республикаларындагы уйгурларды уурдап кетүүдө

Кытай өзүнүн экономикалык кубатынан пайдаланып, экономикасы начар өлкөлөрдүн ички иштерине аралашуусун улантууда. “Uyghurnet” маалымат агенттиги тараткан кабарда келишинче, Кытайдын жашыруун полициясы (Эн Чуентунг) Борбор Азия өлкөлөрүндө, айрыкча Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанда Чыгыш Түркстандык мусулмандарга каршы жашыруун операцияларды өткөрүп, ал жерде жашап жүргөн мусулмандарды уурдап кетүүдө. Кытайда болсо аларды жалган айыптоолор менен өлүм жазасы, же көп жылдык камак жазасы күтөт. Алардын бул иштерине жергиликтүү милиция жардам берүүдө.

Кыргызстан да Кытайдан карыздар өлкөлөрдүн катарында. Ошол себептен улам, Кытай акыркы кездерде Кыргызстандагы саясий иштерде өтө активдүү болуп бара жатканы байкалууда.

Бишкек шаарында жайгашкан Мадина базарындагы уйгур ишкерлер көптөгөн жылдардан бери Кытайдан товар алып келип сатуу менен бир топ байыган эле. Бирок акыркы маалыматтарга ылайык, базардан күн сайын алардын бири уурдалып жатканы айтылууда. Базарда аларга караштуу дүкөндөрдүн саны азайып барууда.

Буга чейин Кытайдын суранычы менен Мисирде эки жүз чамалуу уйгур студенттер кармалып, алардын көпчүлүгү Кытайга кайтарылган.

Кытайдын дагы көптөгөн маселелерде Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички иштерине аралашуусу күтүлүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here