Москва: Белгисиз вертолёттор «Талибан» жана ИШИМге курал жеткирип берүүдө

314
0

Москва: Белгисиз вертолёттор «Талибан» жана ИШИМге курал жеткирип берүүдө

Расмий Москва Афганистандын айрым аймактарында кайсы мамлекетке таандык экени белгисиз болгон вертолёттор “Талибан” жана “Ислам мамлекети” уюмдарына курал жеткирип жаткандыгынан кабардар болгон. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова билдирди.

Мария Захарова маалымат жыйынында: “Айта кетүүчү нерсе, Афганистан түндүгүндө белгисиз вертолёттор “Ислам мамлекети” уюмунун жергиликтүү согушкерлерине жана бул террорчу топ менен кызматташып жаткан талиптерге курал-жарак жеткирип берүүдө”, – деди.

Захарова бул тууралуу жергиликтүү афган маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү о.э. Афганистан түндүгүндөгү Сари-пул провинциясында бул иштерге күбө болгон адамдар бар экендигин айтты. О.э. Захарова согушкерлерге курал жеткирип берүү аракеттери Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек араларына жакын жерлерде ишке ашырылгандыгына о.э. “Ислам мамлекети” уюмунун көпчүлүк согушкерлери ушул аймактардан чыккандыгына да көңүлдү бурду.

Захарованын айтымында, белгисиз вертолёттордун ушул иштерине карата Афганистан коопсуздук күчтөрү да, АКШ күчтөрү командачылыгы да о.э. НАТО жетекчилиги да эч кандай реакция билдирген эмес.

“Ушул жерде төмөнкүдөй суроолор пайда болот: Террорчуларды куралдантуунун артында ким турат? Эмне үчүн КМШ өлкөлөрү (мурдагы советтик республикалар) түштүгүндө жашыруун иштер аткарылууда? Афганистан аба аймагы НАТО күчтөрүнүн толук көзмөлү астында болгон бир учурда, кантип мындай иштер жүз бериши мүмкүн?» – деди Захарова.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here