АКШ Россияга каршы санкциялардын биринчи бөлүгүн жарыя кылды

319
0

 АКШ Россияга каршы санкциялардын биринчи бөлүгүн жарыя кылды

“АКШ тараптан “Скрипаль иши” себептүү Россияга каршы киргизилип жаткан санкциялар насыя берүүнү жана бир катар товарлар экспортун камтыйт”, – деп айтылат АКШ жарыя кылган расмий документте.

Айтылышынча, санкциялар 27-августтан баштап күчүнө кирет.

Ага ылайык, өзгөчө кырдаал болуп кетип эле тез арада гуманитардык жардам керектелбесе, башка учурларда Америкадан Россияга эч кандай колдоо көрсөтүлбөйт.

Мындан тышкары, мамлекеттик департамент Россиянын мамлекеттик компанияларына америкалык курал-жарак менен эки багыттуу продукцияларды экспорттоого тыюу салат. Мындан сырткары, бардык америкалык мекемелер россиялыктарга насыя берүү (бардык түрүнө), насыя кепилдиги сыяктуу финансылык колдоо көрсөтпөй турган болду.  Ошол эле учурда «улуттук коопсуздук кызыкчылыгы үчүн» космос тармагындагы кызматташтыкка чек коюлган эмес.

Санкциялардын мындан да катуу болушу күтүлүп жаткан экинчи пакети ноябрь айында жарыя кылынышы мүмкүн. Айтылышынча, анда россиялык юридикалык жактарды насыялоого, товарларды экпортоо жана импортоого бөгөт коюлат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here