“Талибан”дын өкүлдөрү Москвага келери күтүлүүдө

322
0

Талибан”дын өкүлдөрү Москвага келери күтүлүүдө

 “Талибан” кыймылынын Катардагы расмий өкүлчүлүгүнүн делегациясы үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында Москвага келери күтүлүүдө.

Кабулдагы анонимдүү булактын маалыматына таянсак, өкүлчүлүктүн башчысы Мухаммад Аббас Станикзайдын Москвага сапары тастыкталган. Уюштурулуп жаткан саммитте Россиянын өкүлдөрүнөн тышкары, Кытай, Пакистан, Иран, Афганистан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү да катышары болжолдонууда.

Жолугушууда Афганистан маселеси кеңири каралышы айтылууда. 16-июлда Путиндин Афганистан маселеси боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов күтүлүп жаткан саммитке чейин “Талибан”дын өкүлдөрү Москвага чакырылышын билдирген эле.

Эки апта мурда Ташкентке барган “Талибан”дын өкүлдөрү азыркыга чейин жолугушуунун натыйжасы тууралуу билдирүү бере элек. Ошондон кийин,  “Талибан” расмийлери Индонезияга жөнөп кетишкен эле.

Туркистон:

Эл аралык саясат (АКШ), “Талибан” кыймылын ал көзөмөлдөп жаткан аймактары менен бирге таануу жана аны менен кызматташуу тарапка багыт алууда. Өзбекстан “Талибан” кыймылынын жетекчилерин расмий түрдө кабыл алды. Негизи, “Талибан” уюму – Россия, АКШ жана БУУдагы сыяктуу эле – Өзбекстанда да “террористтик” уюм болуп эсептелет.

Бирок, “Талибан”ды өзү тарапка тартмакчы болуп жаткан тараптардын ар биринин өз кызыкчылыгынан келип чыккан максаттары бар. Болгондо да, бири-бирине карама-каршы кызыкчылыктары бар. Мисалы, АКШ Өзбекстан аркылуу “Талибан”ды экономикалык кызыкчылыктар тарапка тартып, аны тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакырып жаткан болсо, Россия “Талибан”ды куралдандырмакчы болууда. Себеби, АКШ менен Россиянын кызыкчылыктары бирдей эмес. Т.а. АКШ “Талибан”ды өзү менен кызматташууга көндүрө алса, темир жол жана нефть түтүктөрү аркылуу Орто Азиянын сырьёлорун алып чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул болсо, Орто Азия Россиянын экономикалык колониясынан чыгып кетишине алып барат. Ошондуктан, Россия Афганистанда тынчтык орношуна каршы аракет кылат. Эгерде күчү жетпесе, тынчтык жараянына өзү да салым кошуу менен жараяндарга катышып, пайдаланып калууга аракет кылат.  

Куфр дүйнөсү, өз идеологиясынан жана башкаруу принциптеринен баш тарта баштаганын эми жашырбастан ашкере кыла баштады. Алар өз кызыкчылыктарына ылайык бирер уюмду “террорчу” атап алышат. Андан соң ал уюмда өздөрү үчүн бирер материалдык кызыкчылык көрүнүп калса, аны террористтер тизмесинен өчүрүп коюшат, же болбосо ошол өздөрү каралап турган абалда деле аны менен достук алака орнотууга аракет кылышат. Бирок, ошол “террорист” уюм менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканда, кудум ушуларга окшогон башка уюмдагы мусулмандарды бомбалап, жаш балдары менен кошо кыргын кыла беришет!

Ошондуктан, исламий уюм, хизб, жамааттардын ар бири өз уюмунун гана кызыкчылыктарына чектелип калышы жакшы эмес. Ар бирибиз дүйнөдө Исламды бийик кылып, исламий үммөт жана бүтүндөй адамзат үчүн аракет кылышыбыз керек! Антпесе, үммөт бийликти бир гана аймактагы өз кызыкчылыктары үчүн идеологиясына тескери иш алып баруучу топторго куфрдан тартып алып бербейт. Үммөттүн үстүндөгү дүйнөлүк проблемаларга келсек, дүйнөлүк исламий башкаруу системасы орнотулбаса, куфр ар бирибизди өзүбүз менен убара кылып о.э. материалдык кызыкчылыктар менен кызыктырып, өз агымына тартып бара берет!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here