АКШ Монголияны Россия жана Кытайдын таасиринен коргойт

348
0

АКШ Монголияны Россия жана Кытайдын таасиринен коргойт

АКШ конгрессине Кошмо Штаттар менен Монголиянын ортосундагы сооданы активдештирүү көздөлгөн мыйзам долбоору сунушталды. Бул тууралуу “RT” кабарлады.

Кабарда келишинче, мыйзам долбоорунун демилгечиси республикачы конгрессмен Тед Йохо. Ал Монголиядан импорттолуучу айрым товарларга карата бажысыз режим киргизүү аркылуу мамлекеттер ортосундагы соода-сатыкты «шыктандырууну» сунуштады. Бул жерде сөз токуучулук материалдары, анын ичинде кашемир жөнүндө болууда.

 “Монголия товарларынын айрымдарына, анын ичинде кашемирге карата жеңилдиктер АКШга Монголия менен сооданы кеңейтүү о.э. ал материалдан Кытай товарлары импортун азайтуу аркылуу жардам берет”, – деп айтылат мыйзам долбоорунда.

О.э. Россия жана Кытай аталган мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн, себеби алар аймагы жана калкынын саны боюнча Монголиядан чоң.

 “Монголия кургактыкта Россия жана Кытай менен гана чектешет. Алар АКШ улуттук коопсуздук стратегиясында келгендей, Кошмо Штаттардын баалуулуктары жана кызыкчылыктарына каршы болгон дүйнөнү пайда кылуу ниетиндеги мамлекеттер болуп эсептелишет”, – деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Туркистон: АКШ үчүн Монголияда экономикалык кызыкчылык дээрлик жокко эсе. Демек, ал Кытай жана Россияга каршы дагы бир стратегиялык маанилүү региондо аскерий контингент пайда кылмакчы болууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here