Тажикстанда “террорчулукта” айыпталган 14 адамга карата соттун өкүмү чыкты

325
0

Тажикстанда “террорчулукта” айыпталган 14 адамга карата соттун өкүмү чыкты

Тажикстан бийлиги мамлекеттеги бир нече объектерге, ошону менен бир катарда, Россиянын аскерий базасына чабуул кылууну пландаштырган топ кармалгандыгын билдирди.

Тажикстан мамлекеттик коопсуздук комитетинин билдиришинче, аталган топту кармоо операциясы февраль айында башталган. Коопсуздук комитети аталган топ март айында Нооруз майрамы белгиленип жаткан учурда да чабуул уюштурууну пландаштыргандыгын кабарлады.

Кабарда келишинче, жогорудагы топтун өкүлдөрү чабуул кылмакчы болгон объекттердин арасында Россиянын №210-базасы да бар.

Айыпталуучуларга карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук жараян бүткөндөн кийин аларга карата өкүм окулду. Кармалган 14 адамдын бардыгына терроризм, экстремисттик уюм түзүү, мыйзамсыз жолдор менен чек арадан өтүү жана башка айыптар коюлган.

Соттун өкүмүнө ылайык, топтун уюштуруучулары деп табылган Фахруддин Гулов жана Махмуджан Аззамов 26 жылдык камак жазасына өкүм кылынган. Аталган топтун  калган мүчөлөрү болсо 7 жылдан камак жазасына өкүм кылынышкан.

“arabic.rt.com” маалымат агенттиги тараткан кабарда: “Бардык айыпталуучулар Афганистандын Жалалабад шаарына жакын жердеги атайын базада машыгуудан өтүшкөн жана ИШИМ уюмунун катарында согушкан. Тажикстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясы” алардын окуу курстарын каражат менен камсыздап турган”, – деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here