Кытай АКШны эскертти

382
0

Кытай АКШны эскертти

Кытай өкмөтү, эгерде АКШ тараптан киргизиле турган 200 миллиард доллардык кошумча алымдардан Ак үй баш тартпаса, ага жооп кайтарышын билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп акыркы айларда Кытайга кошумча бажы алымдарын киргизишин жарыя кылган эле.

Кытай бийлиги ошол билдирүүдөн кийин АКШны “соода согушунан” эскертүүдө. Кытай тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Генг Шуанг, эгерде Трамп кошумча алым чечиминен баш тартпаса, Пекин да ага каршы өзүнө жараша жооп кайтарышын жана эл аралык укуктарын аягына чейин колдонушун билдирди.

Трамп админстрациясы тарабынан Кытайга колдонулуучу салык ставкасы 10 пайыздан 25 пайызга көтөрүү көздөлгөн.

АКШнын кошумча бажы алымы азык-түлүк, фармацевтика, болот, алюминий, мебель тармактарындагы миңдеген кытайлык экспортчуларга таасирин тийгизет.

Кошумча бажы алымы дүйнөнүн эки ири экономикасы ортосундагы атаандаштык ого бетер күчөшүнө себеп болору күтүлүүдө.

Кытай дүйнөлүк экономикада кеңейип барышы менен бардыгынын көңүлүн өзүнө бурууда. Дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерге товар экспорт кылуу менен экономикасын күчөтүп бара жаткан Кытайга АКШнын санкциялары олуттуу деле таасир өткөрө албастыгы айтылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here