Хельсинкидеги Орусия менен Американын саммити жана андан кийинки жагдайлар тууралуу

371
0

Хельсинкидеги Орусия менен Американын саммити жана андан кийинки жагдайлар тууралуу

Суроо:
Орусия менен Америка лидерлери 16-июлда Финляндиянын борбору Хельсинкиде саммит өткөрүштү. Бул нерсе эки өлкө ортосундагы чыңалуунун аягына чыккандыгын түшүндүрөбү? Бул саммит 12-июлда Брюсселде болуп өткөн саммиттеги Америка жана анын союдаштарынын ортосунда жүз берген чыңалууну жайгара турган саммит болушу мүмкүнбү? Бул нерсе Кытай менен Орусиянын алакасына таасирин тийгизеби? Бул саммиттин Сирия маселесин да жөнгөрүүгө таасири болобу?
Жооп:
Хельсинкидеги Америка менен Орусия ортосунда болуп өткөн саммит тууралуу берилген бул суроолорго жооп берүү үчүн төмөнкү нерселерге токтолуу керек:

“2014-жылы Орусия Крым жарым аралын өзүнө кошуп алгандан бери Америка менен Орусия ортосунда чыңалуу жүз берди. Америка жана Батыш Орусиянын бул кылганына каршы жооп катары ага каршы экономикалык санкцияларды киргизди. Бул эки өлкө ортосундагы чыңалуу Обама мөөнөтүнүн акыркы учурларында күчтүү түс алды. Анткени алар Орусияны Америкадагы президенттик шайлоодо Трамптын пайдасына карата аралашып жатат деп айыпташкан. Ошол маалдан бери бул эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлдеги жолугушууларга чек коюлган эле… Бирок ошого карабастан бул саммитке чейин эки өлкө башчылары эки ирет жолугушуу өткөрдү. 2017-жылы Германиянын Гамбург шаарындагы өнүккөн 20 мамлекеттин саммити алкагында жолугушту. Андан соң, 2017-жылы ноябрь айында Вьетнамда (APEC) саммити алкагында жолугушту. Бирок бул жолугушуулар саммит алкагына көтөрүлө алган эмес. Болгону алардын ортосундагы талаш-тартыштуу документтер тууралуу гана кыска жолугушуулар болгон. Трамптын бир жарым жылдык башкаруу мезгилинде Орусия Америка менен биргеликте саммит өткөрүүгө аябай ынтызар болду. Бирок Америка муну артка сүрүп келди. Америка бул артка сүрүүсү менен Орусияга карата кысым кылды. Орусия эки өлкө алакасынын жакшырышына Трамп тараптан бир демилге болуусун гана күтүп калган. Бирок, алаканын жакшырып кетиши өтө оор экенидигин да сезип жаткан. Анткени, Америкада Трампка карата аябай каршылыктар бар эле. Иликтөө иштеринде да Орусияга каршы бир топ иштердин бети ачыла баштаган. Трамптын админстрациясындагы кээ бир жооптуулар Орусия менен кызматташты деген кине менен жумуштарынан айдалды.
Мына ушундайча Америка менен жогорку деңгээлдеги саммит өткөрүү Орусия үчүн кыялга айлана баштаган эле. Качан гана Америка саммит өткөрүүгө токтом кылгандан кийин гана Орусиянын бул кыялы ишке аша турган болду. АКШнын Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Harriet Marques 21-июнда АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Болтон Америка менен Орусия ортосунда саммит өткөрүү боюнча Москвага иш сапары менен барарын жарыя кылды. (Спутник кабар агенттиги 2018. 06. 24) Ушуга негизделип , 16-июлда боло турган саммитте көтөрүлө турган маанилүү маселе Орусия эмес Америка эмне маселе козгоорунда жатат. Ошондой эле ал саммиттин алкагында эмне каалайт? Муну төмөндө ачыктап беребиз:

1. Баардык ишараттар Америка Орусияга карата дагы деле кысымын улантып жатканын көргөзүп турат. Саммит өтүшүнөн эки күн мурун Америка чалгын кызматчылары Орусиянын хакерлери Америкадагы шайлоого чабуул кылды деп айыпташты. Американын юстиция министирлиги Орусиянын он эки чалгын офицери 2016-жылкы президенттик шайлоодо демократтар партиясынын эсептик счетун сындырып кирген деп айыптады. Юстиция министринин орун басары Род Розенштейн мындай деди: “Айыпталуучулар зыяндуу программанын негизинде “найза уусу” аталышындагы программа аркылуу сындырып киришкен.” Ак үй күтүлүп жаткан Трамп менен Путиндин жоолугушуусу болоорун айтты. (“аль год мисрий” гезити 2018. 07. 14) Ошондой эле Путин менен Трамптын Хельсинкидеги жолугушуусунан кийин 16-июлда аль жазира каналы Америка Орусия пайдасына чалгынчылык кылган деген доомат менен орус аялды кармагандыгын жарыя кылды. Ушуга окшогон амалдар менен Америка коопсуздук кызматы бул эки өлкө ортосунда саммит өткөндүгүнө карабастан, Орусия күтүп жаткандай ага карата кысымды бошоңдотподу. Ошондуктан бул жерде Америка Орусиянын саммит өткөрүү боюнча мурунку жана жаңы сунушуна макулдук берип жаткандыгына башка түрткү себеп болду. Ал түрткү кайсы экендиги саммиттин жүрүшүндө билинди:

2. Америка менен Орусиянын саммити АКШнын Европа, Кытай менен болгон соода согушуна сүңгүп кирип жаткан мезгилге дал келди. Ачык көрүнүп тургандай, Америка бул эки каршылашына каршы, саммитти өткөрүү аркылуу Орусияны өзүнө тартуу ою менен аларга каршы иш алып барууга токтом кылды. Ал эми Европага каршы иш алып баруусуна токтоло турган болсок: Америка Брюсселде НАТОго мүчө мамлекеттер менен аябай каршы пикир келишпестиктер орун алды. Саммиттин артынан эле Орусия менен саммит өткөрүү убактысын белгиледи. “Бүгүн Брюсселде аябай чыңалуу менен өтүүсү күтүлүп жаткан саммит башталды. Айрыкча Вашингтон менен анын Европадагы союздаштары арасында соода, коргонуу жаатына коротула турган каражат жана Иран өзөктүк келишими тууралуу маселелер бар. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг “Союздаштар арасында көптөгөн пикир келишпестиктер” бар экендигин тастыктады”. (Россия сегодня 2018. 07. 11) Альянстын тарыхында биринчи жолу Америка президенти Трамп Евро Биримдикти “Каршылаш” деп сыпаттады. Ошондой эле Американын Орусия менен саммит өткөрүүсү да Европалыктарга каратылган кысым. Анын баяны төмөнкүдөй:

А . Америка Украина маселеси боюнча Орусия менен бир ымалага келишип жатканы менен Европаны коркутууга алды. Европа кеңешинин төрөгасы Дональд Туск, Америка мамбашы Трамп Орусиянын Украина жаатында алып барып жаткан саясаты аны кызыктырып жаткандыгын белгилеген. Ошондой эле Трамп Украина жаатында жигердүүлүгү алда канча азайып калгандыгын да моюндаганы тууралуу билдирди. Туск Польшанын TVN 24 теле каналына берген маегинде дагы кошумчалап: “Мени менен бир нече жолу болгон сүйлөшүүлөрдө Трамптын Украина жаатында анын жигердүүлүгүн байкай алган жокмун. Анын көңүлү Орусия Украина жаатында алып барып жаткан нерсеге көбүүрөөк бурулуп жатат” (Россия сегодня 2018. 07. 15) Трамптын өткөн июнь айында Канадада өткөн “чоң жетилик саммитинде” жар салган “Крым жарым аралы Орусияга кайтарылышы керек. Анткени анын жашоочуларынын көпчүлүгү орус тилинде сүйлөшөт” (Россия сегодня) деген билдирүүсү тутанган отко май чачкандай эле болду. Анткени бул иш Европа үчүн талылуу. Европа Орусиянын Украинада кылып жаткан иштерин Европанын коопсуздугу менен ойноп жатат деп түшүнөт. Ага мүмкүнчүлүк берүү таптакыр мүмкүн эмес деп билет. Трамптын берген билдирүүсү ЕБ үчүн коркунуч жетип барганын билдирет Анткени бул Орусия Европа картасын чыгышынан бузуп кирип келе жатат дегенди түшүндүрөт.

Б. Америка президенти Европаны Орусияны “чоң жетиликке” кайрадан кошоору менен да коркутууга алды. Ал 8-июнда оор өнөр жайы өнүккөн “чоң жетиликтин” лидерлерине Орусияны кайрадан кошуп алуу тууралуу пикирлөөгө чакырды. Трамп Канаданын Квебек аймагындагы Амальбеде өтө турган чоң жетилик саммитине сапар тартышынан мурда мындай деди: “Алар Орусияны куушкан. Алар аны кайра кайтарышы керек. Анткени Орусия сүйлөшүүлөрдө биз менен бирге болушу керек”. Ал эми Орусия Крымды кошуп алгандан бери чоң сегиздиктен үмүтүн үзүп калган. (Аль арабия нет 2018. 06. 08)

В. 15-июлда Аль жазиира каналы НАТО саммити аяктагандан кийин: “Европа жетекчилери Америка менен Орусиянын жакындашуусуна бушайман болушту”, -деп билдирди. Европанын Америка менен Орусиянын жакындашуусуна тынчсызданып жаткандыгына ишаарат кылып туган нерсе Германиянын ТИМи. Германиянын ТИМи Haikou Mas Трампты Орусия президенти Путин менен боло турган жолугушуусунда европалык союздаштарына каршы жекече чечимдери менен келишим түзүүсүнөн эскертти. Ал “Bild” газетасына берген маегинде мындай деди: “Американын Европалык союздаштарына каршы жекече келишим түзүүсү Американын өзүнө да сокку болот. Ким союздашына сокку урса ал оюнда жеңилүү ызаасын тартат”. (“Россия сегодня” 2018. 07. 15) Кийин Орусия менен Американын бири-бирине жакындашы себептүү Орусиянын Крымды кошуп алгандыгына карата киргизилген Европанын ар бир алты айда жаңыланып турган санкциялары өз күчүн толук жоготушу мүмкүн. Натыйжада Орусия Европа мамлекеттерине көңүл да бурбай калат.

Г. Саясатта дипломатиялык жолду эмес түркөйлүк жолду тутуп алган Америка президенти Трамп Европа мамлекеттерине каршылыгын ачык түрдө кылып жаткандыгын улантып жатат. Айрыкча Орусиядан газды сатып алуу маселесинде Германияга карата катуу каршылык кылып жатат. Муну 17-июлдагы суроо-жоопто да айтып өткөнбүз: Кээ бир учурда “душман” катары санады. Кээ бир учурда Лондондо өткөн Америка-Британия саммити алкагында Британия өкмөт башын ага каршы тукурду. Би би си маалыматына ылайык, ТерезаМей Трамптын ага берген насыйкаты тууралуу мындай деди: “Ал мага сүйлөшүүлөргө кирбестен Евро Биримдиктин чачырашы жаатында иш алып барышымды айтты”. (Би би си 2018. 07. 15) Британия ЕБден чыгып кетүү ниетин ачык билдиргенине карабастан, ал ЕБдеги мамлекеттерга каршы иш алып барат. Ошондой эле Орусияга да ушундай эле көз карашта карайт. Орусиянын Британия тараптан козутулуп жатканы да Америка-Орусия саммитине каршы зыян келтирүүгө каратылган. Аба кыймылын көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын атайын адиси: Британияга таандык аба чалгын тик учагы Крым жарым аралынын жээгине жакынкы аралыкта чалгындоо учууларын кылган. (Россия сегодня 2018. 07. 15)
Мына ушундайча Америка Орусияны “чоң жетиликке” кайрадан кошом деп Орусия басып алган Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары саноого ишаара берди. Орусиянын Украинанын чыгышындагы аймакатарындагы басып алуу (Донеск, Луганск) иштерин да көңүл сыртында калтыруу аркылуу Европа мамлекеттерине карата катуу кысым кыла баштады. Америка Орусия менен саммит өткөрүү аркылуу аны менен болгон алакасын жакшыртуусу да Европага каратылган кысым. Бул кысым Европага түздөн-түз каратылбаган күндө да Европа Америка талаптарына жооп берип НАТОдогу кошумча 2% каржылоону төлөөсү керек… Тактап айтканда, Америка Орусия менен алакасын жакшыртуу аркылуу Европа мамлекеттерине карата кысым кылды. Мына ушул нерсе Трамптын Путин менен биргеликте саммит өткөрүүсүндөгү негизги максат болуп саналат.
Ал эми Кытай багытына келе турган болсок иш төмөнкүдөй негизде кетип жатат:

А. Америка Орусия саммити Американын Кытайга каршы соода согушуна кирип жаткан учурда орун алды. Кытай Түндүк Кореяны эпке келтирип, Корея жарым аралында согуш мүмкүндүгүн узакташтыруу аркылуу Түндүк Корея маселесин тынчтык жол менен чечилип берилүүсүнө мүмкүндүк жаратып берди. Америка Кытайдын бул кызматынан пайдаланды. Анын натыйжасында 12-июнда Сингапурда Корея Америка саммити орун алды. Кытай бул кылган кызматы үчүн Америка мамбашы тараптан мактоо алды. Бул иштер бүтөөрү менен Трамп Кытайга каршы президент болоордон мурдагы убадаларын ишке киргизүүгө өттү. Америка Кытайдан импорт кылынып алынган товарларга карата бажы салыгын жылына 50 миллиард долларга көтөрдү. Кытай буга каршы жооп катары Америкадан импорт кылынган товарга бажы салыгын ушул эле суммада көтөрдү. Америка башка планды ишке салып, Кытайдан импорттолуп жаткан өнүмдөргө карата 200 миллиард долларлык товарга бажы салыгын киргизди. Кытай буга каршы мындай жол менен жооп берүүгө кудурети жетпеди. Анткени ал Америкадан 130 миллиард долларлык баадагы гана товар импорт кылат. Ошол эле учурда ал Америкага 500 миллард долларлык товар экспорт кылат. Ошондуктан Кытай Америка менен болгон соода согушунда Америкага каршы башка жол менен жооп берүүнү караштыра баштады…

Б. Кытайдын бул аракеттеринин бири анын Орусия менен болгон жакындашуу аракети болду. 2014-жылы Орусия чыгарылып калган Канадада өткөн “чоң жетилик” саммитине утурлай Шанхай кызматташтык уюму саммити 10-июнда Кытайда өттү. Бул жолугушууларда дүйнө бөлүнүп жатканы көрүнүп турат. Батыш Канадада Чыгыш болсо Кытайда жыйналыш өткөрдү. Бул нерсе 1991-жылы СССР кулатылгандан баштап Америка дүйнөгө өз кожоюндугун орноткондон кийинки Америка үчүн жагымсыз көрүнүш болду. Америка Шанхай кызматташтык уюмунда негизги эки эле мамлекет (Орусия, Кытай) рол ойноорун жакшы билет. Америка Кытай менен соода согушуна сүңгүп кирип баратат. Орусияга карата экономикалык санкцияларды киргизип жатат. Дагы бир тараптан Америка Орусия менен Кытай Америкага каршы саясатта бири-бири менен жакындашып кетүүсү мүмкүн деп карады. Америка бул эки мамлекетти эл аралык саясат жана соода жаатында каршылашы катары санайт. Америка Орусия жана Кытайга каршы каратылган бул саясаты Орусия менен Кытайды мындан ары жакындашып кетүүсүнө түртөт деп билди. Айрыкча, аскерий жаатында. Орусия менен Кытай экөө тең бир мамлекет (АКШ) менен каршылашып жатканын сезишти. Алар эгер биргеликте кызматташа турган болсо Америкага каршы тура алаарын да түшүнүштү. Кытайдын Коргоо министринин билдирүүсү бул эки мамлекеттин сезимдерин ачыктап турат. Орусиянын Коргоо министири Сергей Шайгу Кытайдын Коргоо министри Вэй Фэн, аскерий делегаттар менен Москвада эл аралык коопсуздук боюнча өткөн конференцияга катышуу алкагында аларды кабыл алды. Вэй Фэн Сергей Шайгу менен жолугушуу учурунда анын Москвага болгон бул иш сапарынын максаты тууралуу мындай деди: “Эл аралык коопсуздук тууралуу Москвада өтүп жаткан конференцияда Кытай Орусия тарапта экендигин билдирди. Ошондой эле азыркы кырдаалга жараша Кытай Орусия куралдуу күчтөрүнүн бири-бири менен болгон байланышы күчтүү экендигин Америкага билдирип коюу үчүн Кытай делегациясы Москвага келди”,- деди. Дагы кошумчалап, “Эл аралык маанилүү маселелерди жөнгө салууда Кытай Орусия тарап менен бир позицияда” (Россия сегодня 2018. 04. 03)

В. Ошондуктан Америка Орусияны өзүнө тартып ага карата өз эшигин ачса Орусия Кытай жакындашуусунун алдын алып ага чек коём деп түшүндү. Алардын бири-бири менен кызматташуусу толук ишке ашып кете элегинде анын алдын алып калуу планын ишке салды. Айрыкча аскерий жаатта. Америка Орусиянын аскерий кудуретин билет. Бул аскерий кубаттын баары же бир бөлүгү Кытайдын аскерий кубатына жанма-жан тура турган болсо, Американын саясатын иштен чыгара турган күчкө айланаарын да сезди. Тактап айтканда Вашингтондун талаптарына моюн толгой баштайт. Америка Орусия менен Кытайдын жакындашып кетүүсү жеңил эле иш экенин да аңдады. Анткени Орусия Батыш менен болгон алакасынын изден чыгып жаман болуп кетиши себептүү өзүнө жаңы стратегиялык өнөктөш катары Кытай тарапка жүзүн бура башатады. Америка эгер Орусияны өзүнө карай тарта алган бирер кадам кыла алса, анын Кытай тарапка болгон жолун бууп коюу кысымы жеңил ишке ашат деп түшүндү.
Ошондуктан, Вашингтон Орусия Америка алакалары мурдагыдай болот деген үмүт берүү үчүн эки өлкө арасында саммит өткөрүү аркылуу Орусияга карай өз эшигин ача баштады. Тактап айтканда Орусия-Кытай жакындашуусуна чек коюу үчүн. Америка Орусия менен жакындашуу максатын эртелеп саммит аркылуу ишке ашырууну көздөсө да, Америка Москва жакындашуусу кийинки кадамдардын ишке салууну өз ичине алат. Бирок, Америка Орусия менен Кытайдын жашыруун союзун жеңил эле изден чыгарып коюшу толук мүмкүн. Америка ар түрдүү кадамдарды ишке салат. Бирде саммит өткөрүү аркылуу Орусия менен жакындашса. Бирде Кытай тарапка туруп Кытайдын соодага болгон кызыкчылыгын кандырып коюшу мүмкүн. Анткени Пекиндин эң негизги кызыкчылыгы бул соода пайдасы. Кытайдын Орусия менен алакасында мынчалык кызыкчылык жокко эсе.

3. Трамп Кытай менен Евро Биримдикке карата басым кылууну күчөтүү максатында, керек учурда ишке сала тургандай кылып Орусия-Америка жолугушуусунун эшигин ачык калтырды. Ошол үчүн Хельсинкиде жабык эшик артында өткөн Путин менен жолугушуусунан кийин бул саммит “жакшы башаталыш” деп билдирүү берди. (Россия сегодня 2018. 07. 16) Ушул эле каналдын түз алып берген маалыматына ылайык, 2010-жылы түзүлүп 2021-жылы аягына чыга турган өзөктүк куралсыздандыруу конвенция алкагында иш алып баруу тууралуу сүйлөшүүлөр мындан ары да уланаары айтылды. Трамп Америка менен Орусия алакалары төрт саат мурда эле жаман абалда эле азыр болсо түп тамырынан өзгөрдү деп билдирүү берди… Бул жалпы айтылган сөздөрдүн баарысы Жон Болтондун билдирүүсү менен толук түрдө үндөшүп турат. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон “NBC ” каналынын “ бул жумада” аталышындагы программасына берген маегинде мындай деди: “Биз жана Орусия тарап жолугушуу ачык түрдө калуусуна макулдаштык. Биз сезилээрлик натыйжа издеген жокпуз”. Американын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман NBCге берген маегинде: “Бул саммит эмес… Бул жолугушуу… бул биздин азыркы алакаларыбыздагы кээ бир чиеленишкен тобокелдиктерди азайтуу жана аны жөнгө салууну байкап көрүү аракети болуп саналат”,- деди. (Reuters 16/07/2018.)

4. Бул нерсе тастыктап тургандай Америка Орусия менен алакасын жакшырткандан кийин да ага карата басым өткөрүүсү өз күчүндө калат. Бирок ал эл аралык абалга жараша Американын ЕБ жана Кытай менен болгон соода согушунун абалына жараша өз түсүн өзгөртүп турат. Америка Орусия менен жакындашып Европаны коркутууга алууну туура көрдү. Америка Орусияны эл аралык майдандан обочолонтпой аны өзүнө карай тартып ага кайрадан үмүт берип, анын Кытайга болгон жакындашуусунун алдын алууну Орусияны Кытайдан алыстатууга болгон туура кадам деп түшүндү. Дагы бир тараптан – Орусия Сирия маселесинде Башардын бийлигин сактап Америка кызыкчылыгына кызмат кылып бергени сыяктуу – башка эл аралык маселелерде да Орусия Америка талаптарына жооп бериши үчүн ага саммит өткөрүү аркылуу үмүт берди! Ушуга негизделип, бул саммит чектелүү эл аралык маселелерди жөнгө салууга эмес, балким Кытай жана Европага жолдонгон кат болду. Мындан тышкары бул саммитте билдирүүлөрдүн баардыгы жалпы түрдө берилди, белгилүү бир нерсе тууралуу берилбеди. Бул нерсени эки тараптуу билдирүүлөр тастыктап турат: Трамп Путин менен болгон сүйлөшүүсү тууралуу мындай деди: “Соодадан баштап баардык иштер аскерий жаат, ракета жана Кытай ошондой эле шериктеш досубуз Си Цзиньпинь тууралуу да бир аз сүйлөштүк”. Орусия президенти Путин Хельсинкидеги саммиттин баталышында Трампка мындай деди: “Вашингтон менен Москва алакалары тууралуу сүйлөшүү убактысы келди. Эки өлкө ар тараптуу эл аралык маселерди да талкуулоосу зарыл”. (Reuters 2018. 07. 16) Ошондой эле Орусиянын ТИМи Лавров Хельсинкидеги саммит тууралуу мындай деди: “Бул жолугушуу эч кандай келишимге жетишилбестен, биздин позициялар ар кандай болгон баардык татаал эл аралык маселерди жөнгө салууда бири-бирибиздин көз караштарыбызды жакындаштыруу үчүн өткөрүлгөн иш чара”. (Аль жазира 2018. 07. 16) Саммитте мындай жалпылаштырылган билдирүүлөрдө көрүнүп тургандай, бул саммитте эл аралык маселелерди чечүү көздөлгөн эмес. Бул нерсе саммитти чагылдырып көргөзгөн массалык маалымат каражаттарында ачык эле көрүнүп турат. Мисалы, эки тарап Израилдин коопсуздугу тууралуу макулдашышты. Трамп: “Израилдин коопсуздугун камсыз кылуу мен жана Путин абдан каалап жаткан иштерден”, -деди. (Reuters 2018. 07. 16) Эки тарап Сирияга 1974-жылы Сирия түштүгүндө согуш аяктагандан кийин келишилген бирдиктүү күчтөрдү кайрадан киргизүүгө чакырышты… Мунун баары жаңы көтөрүлүп жаткан иштерден эмес. Америка менен Орусия мындай маселелерди мурдатан эле көтөрүп келе жаткан иштер. Бул маселелер Орусия менен Американын саммит өткөрүшү үчүн болгон иштер эмес. Ошондой эле өзөктүк куралсыздандыруу маселеси да саммит өткөрүүнүн өзөгү эмес. Америка президенти Трамп өзөктүк куралсыздандыруу көйгөйү Америка Орусия чече турган негизги маселе катары этибар каратты. Трамп “Fox News”га берген маегинде: “Дүйнөдөгү 90% өзөктүк курал Орусия менен Америкага таандык экендигин билдирди. Ошондой эле өзүнөн мурдагы президент Обама дүйнөдөгү негизги маселе дүйнөлүк аба ырайынын жылышы жана аны чечүү негизги маселе катары көтөргөндүн сындады”. (Россия сегодня 2018. 07. 17) Ар бир аң сезимдүү адам Америка менен Орусия өзөктүк куралсыздануу маселесин өздөрү айтып, бирок ошол маселени чечүү үчүн эмес, башка маселе үчүн саммит өткөрүп жаткандыктарын жеңил эле түшүнүп алат.

5. Ал эми саммиттин Сирия маселесине тийгизе турган таасирине келе турган болсок, Америка Орусиянын Сирия жаатындагы саясаттарында бул жаңы чыга калган маселе эмес. Бул эки мамлекет Сирия маселесин жөнгө салууну мурдатан эле келишип алышкан. Бул экөө ошол келишимдери ийгиликтүү ишке ашышын күтүп жатат. Балким ал келишим Обама менен Путиндин 2015-жылдын 29-сентябрдагы жолугушуусунда түзүлгөн. Анда Орусия Сирия жаатында Америка кызыкчылыгына кызмат кылууга толук макулдук берген. Ушул эле маалда Орусия Сирияда Дарааны бомбалоого алганы сыяктуу аскерий иш-чараларды түздөн түз алып барууда. Америка болсо анын бул иштерин колдоого алууда. Ошондой эле Сириянын түштүгүндө Сирия оппозициясына жолдогон катында “Америка Дараага каршы чабуулда аларга эч качан жардам көргөзбөйт” дегенди билдирген. Ошондуктан, бул жерде Сирия козголоңун изден чыгаруучу Америка Орусия аскерий аракетинде жаңыча кадамдар бул саммитте орун алган жок.
Ал эми Сириядагы саясий кырдаалды жөнгө салуу жаатында Америка Сирия режими жана Орусия Сирия куралдуу оппозициясынын үстүнөн ийгиликке жетишин күтүп аны артка сүрүп келе жатат. Алар качан гана Сирия куралдуу козголоңчуларынын үстүнөн ийгиликке жетишикенде гана Америка өз кызыкчылыгына жараша Орусиянын кээ бир ролу менен же ансыз деле Сирияны толук камтыган саясий иш-чараны ишке салат. Бул саясий иш-чара тууралуу Америка аны кечиктирип жатышы же Орусиянын рол ойноп бериши же бербешине ишаара кыла турган нерсе саммит алкагында орун алган жок…
Орусия Американын Сирия жаатындагы саясатынын максаты, Орусияны Сирия маселесине аралаштырбай коюу экендигин түшүнүп жатышы күмөн жаратат. Бирок Орусия Америка аны Украина маселесинде, айрыкча Крым жаатында аны муунпаштыгын үмүт кылып жатат… Трамп Орусиянын Крым тууралу үмүтүндө анын бүйүрүн кызыта турган сөздү айтып койду. Биз жогоруда айтып кеткендей өткөн июнь айында чоң жетилик саммити алкагында Трамп Крым Орусиянын бир бөлүгү болушу керек. Анткени анын жашоочуларынын көпчүлүгү орус тилдүү деген. (Россия сегодня 2018. 07. 15) Бул нерсе Европа үчүн чоң коркунучтардын бири. Анткени Европа Орусиянын Европа картасынын чыгыш чек арасын бузуп келе жатканын кооптонот. Орусия Трамптын билдирүүлөрү негизинде өзүнүн жаман амалдары себептүү торго түшүп калышы мүмкүн. Балким ал түшүп да калган. Орусия Сирияда Америка кызыкчылыгына кызмат кылып мусулмандарга карата кыргын уюуштурганы себептүү мусулмандардын жек көрүндүсүнө айланды. Америка Орусия жана алардын куйруктарынын мусулмандарга карата кылган мындай кек душмандыктары эч качан мусулмандардын эсинен кетпейт. Күндөр айланып туруучу кылмыш өз ээсин эч качан куткарбайт.
“…Жакында мындай кылмышкерлерге кылып өткөн айла амалдары себептүү Аллахтын алдынан кордук жана жан чыдагыс азап жетет” (Анъам-124).

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта 2018. 07. 21

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here