Ташкентте С5+1 жумушчу тобунун жолугушуусу болуп өттү
Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, 2018-жылдын 23-июлунда Ташкент шаарында “Борбор Азия өлкөлөрү – АКШ” (C5+1) кызматташтык форматындагы Коопсуздук боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү.
Аталган жыйында, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШнын өкүлдөрү аймактык коопсуздук, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн маанилүү маселелерин талкуулашты.
Туркистон:
25-июлда АКШнын Вашингтон шаарында “жаңы кылымда Өзбекстандагы диний эркиндик” деген аталышта болуп өткөн форумда Афганистан аркылуу өтүүчү 650 км темир жолдун Афганистан жана башка Борбор Азия мамлекеттери үчүн мааниси жөнүндө кеңешүүлөр болду. 23-июлда Ташкентте болуп өткөн, (С5+1) форматында өткөрүлгөн конференцияда да, темалардын багыты куфр менен диний мухит ортосундагы алакаларды ылайыкташтыруу негизине курулду.
АКШнын Афганистанга согуш ачуудан көздөгөн негизги максаттарынын бири, Борбор Азия өлкөлөрүнүн нефть жана башка байлыктарын Афганистан аркылуу Азия жана Европа базарларына алып чыгууга шарт түзүү болчу. Бирок, АКШ Афганистанда мусулмандардан жеңилип, максатына жетише албады. Эми башкача жол менен т.а. мусулмандар кызыкчылыгын «Талибан» аркылуу чечип алмакчы болууда. Ал үчүн Талибанды жана ал көзөмөлдөгөн аймактарды моюнга алып, бул аймактардан пайдаланганы үчүн Талибанды материалдык жактан колдоп турууга убада берет. Англистер кудум ушундай жол менен Американы индеецтерден тартып алган эле. Т.а. АКШ «Талибан» жана башка исламий жамааттарга ишенбейт. Ошондуктан, стратегиялык жактан өтө маанилүү болгон темир жол өткөн аймактарды өзү коргошу керектигин шарт кылып коёт. Бул шарт ага ушул аймактын инфраструктурасын өз колуна алуу о.э. убакыт өтүшү менен бүтүндөй регионду өз таасири астына алып, жарандарды исламий басымдарга (Талибан өкүмдөрүнө) каршы багыттоо кубатын берет.
Афганистандын ички инфраструктурасына Өзбекстандын кошкон салымы өтө чоң. Ошондуктан, АКШ талиптер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө дал ушул Өзбекстанды көпүрө катары пайдаланмакчы болууда. Ал үчүн Өзбекстан мамлекетинин динге жана диний эркиндиктерге болгон мамилесин өзгөртүү керек. Себеби, «Талибан» Өзбекстан мамлекети менен келишим түзүп жатып ыңгайсыз абалда калбашы керек! Жок эле дегенде, дүйнөлүк коомчулук алдында жасалма диний мухит болсо да көрүнүп турушу керек. Антпесе, «Талибан» Өзбекстан менен кызматташа албайт.
Тыянак кылып айтканда, АКШ Борбор Азияны Афганистан аркылуу дүйнөлүк базарларга алып чыгуу менен экономикалык жана саясий кызыкчылыктарга ээ болмокчу. Бул долбоор ишке ашса, АКШ бүтүндөй аймакты Россиянын экономикалык таасиринен алып чыга алат. Себеби, бул долбоор дүйнөгө Россия аркылуу гана чыгышы мүмкүн болгон багыттарга альтернативалык жол болуп, Борбор Азияны Россия жана Кытайдын экономикалык колониясынан чыгарып жибере алышы мүмкүн. Т.а. бул долбоор АКШ үчүн экономикалык жана саясий кызыкчылык алып келиши мүмкүн болгон маанилүү долбоорлордон болуп эсептелет. Бирок, Россия да муну түшүнүп турат. Демек, ал да региондо бирер фитна уюштуруу жөнүндө ойлойт.