“Зенит” ракеталык комплекси Казакстанга берилет

411
0

Зенит ракеталык комплекси Казакстанга берилет

2018-жылдын  күз мезгилинде болуп өтүүчү өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынында, “Зенит” ракеталык комплекси Казакстанга берилишин юридикалык жактан бекемдөөчү документтерге кол коюлат. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги   Казакстандын коргоо жана аэрокосмикалык өнөржай министрлигиндеги булакка таянып кабарлады.

 “Ооба, Байконур комплекси боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынында “Зенит” космикалык ракета комплекси объектилерин Россия Федерациясынын ижарасы курамынан чыгаруу боюнча документке кол коюу пландаштырылууда”,- деп айтылган комитет тарабынан берилген билдирүүдө. О.э. өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын 2018-жылдын сентябрь-октябрь айларында өткөрүү пландаштырылып жаткандыгы кабарланган.

Казакстан тарап аталган комплексти“Союз-5”ракеталарына ылайыктап модернизация кылары жана ал үчүн 314 миллион доллар чыгымдалары божомолдонууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here