Абдулазиз Камилов Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлерин Борбор Азия мамлекеттеринин Аймактык экономикалык форумуна катышууга чакырды

215
0

Абдулазиз Камилов Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлерин Борбор Азия мамлекеттеринин Аймактык экономикалык форумуна катышууга чакырды

2018-жыл, 21-июль күнү Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов башчылыгындагы делегация Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты.

Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин кабарына ылайык, иш-чаранын алкагында күн тартибиндеги маанилүү маселелер о.э. Борбор Азияда көп тараптуу кызматташтык механизмдерин өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алмашылган.

Жыйындын жыйынтыгында билгелешкен билдирүү кабыл алынган.

Документте 2019-жылдын март айында Ташкентте болуп өтүүчү кезектеги Борбор Азия өлкө башчыларынын кеңеши маанилүү экендиги белгиленген. Мындан тышкары, коопсуздукту камсыздоо, регион мамлекеттеринин соода-экономикалык алакаларын активдештирүү, Борбор Азиянын транзиттик-транспорт мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл экендиги баса белгиленген.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов катышуучуларды үстүбүздөгү жылдын октябрь айында болуп өтүүчү Борбор Азия мамлекеттеринин Аймактык экономикалык форумуна катышууга чакырды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here