Кыргызстан чек араларына кошумча тосмолор коюлду

287
0

Кыргызстан чек араларына кошумча тосмолор коюлду

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев “ Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында, Кыргызстандын мамлекеттик чек араларында террорчуларга каршы күрөшүү максатында кошумча тосмолор коюлгандыгын билдирди.

Шаршеевдин айтымында, Кыргызстан үчүн Афганистан өзгөчө коркунуч туудурат.

 Кабарларда келишинче, акыркы кездерде Борбордук Азиядагы Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн чек араларынын жанында “Талибан”, “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмдарынын чоң күчтөрү чогулган. Акыркы маалыматтарга караганда, 10 миңден ашык согушкер бар, алар Кыргызстанга жеңил эле жакындап келиши мүмкүн.

 “Эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүнүн биздин мамлекеттин аймагына жакындап келишин алдын ала эскертүү максатында чек ара-издөө топтору алыскы жерлерге жиберилүүдө. Ошондой эле кошумча убактылуу тосмолор коюлду”, – деди Шаршеев.

Туркистон:

АКШнын долбоору болгон “Ислам Мамлекети” уюму коркунучунан Россия да өз максаттары жолунда пайдаланып, ушул жол аркылуу Борбор Азиядагы аскерий аралашуусун күчөтүп алууга умтулууда. Россиянын мындай кооптуу иштеринен аймактагы Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу алсыз мамлекеттер тынчсызданып жатышса, башка мамлекеттердин башчылары болсо бийлигин бекемдеп алуу жолунда пайдаланышууда.

Негизи, Талибан – өзүнүн мамлекети болбогон, белгилүү бир аймакка чектелген исламий кыймыл. Алардын заманбап курал-жарак даярдап алуу кубаты жок. Демек, алардын Орто Азия тарапка жүрүш уюштуруу максаты пайда болгон күндө да, алар кайсы бир курал иштеп чыгаруучу мамлекет же күчтөр тарабынан куралдандырылып,  ошол курал берген мамлекеттин максатына ылайык аракеттенет.

 Кыргызстан чек ара кызматынын башчысы Шаршеевдин маалыматы туура болгон күндө да, Россия Кыргызстандагы коопсуздукту камсыздоо шылтоосу менен Кант шаарына аскерий база жайгаштырган о.э. мамлекеттин түштүгүнө да аскерий база жайгаштыруу планын иштеп чыккан.

Куфр дүйнөсү Орто Азияда кезектеги катуу бир силкинүүгө даярдык көрүп жаткандай аракет кылууда. Алар өздөрүнө ыктаган жетекчилерди топтоп алып, алар аркылуу Орто Азия аймагында жүрүп жаткан репрессияны ого бетер күчөтүү аркылуу согуштук абал пайда кылышмакчы. Себеби, Афганистан ызы-чуусу Орто Азия мамлекеттериндеги бийликтин мусулмандарга карата репрессивдик аракеттерин мындан да күчөтүүгө шарт түзүп берет. Бул болсо, мамлекет менен мусулмандар  ортосундагы жараканы кеңейтет. Натыйжада, Афганистандагы абал Орто Азияга көчүп өтүшүнө ыңгайлуу кырдаал пайда болот. Бул сыяктуу чыккынчы жетекчилерибиз өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн, билип туруп өз өлкөлөрүн кыйроого алып бара жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here