Кыргызстан менен Өзбекстан экономикалык кылмыштарга каршы биргеликте күрөшүү боюнча келишим түзүштү
Өзбекстан Башкы прокуратурасынын алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү департаменти Кыргызстан өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен аталган багыттагы кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча келишим түзүштү. Бул тууралуу Өзбекстан Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы кабарлаган.
23-июлда Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү департаментинде Кыргызстан Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бакир Таиров башчылыгындагы делегация кабыл алынды.
Башкы прокуратуранын кабарына таянсак, Кыргызстандан барган делегация департамент башчысы А.Мавлонов менен жолугушуу учурунда, экономика тармагында мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо, ишкерлерди колдоо, коррупцияга, кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү тармактарындагы иштер о.э. дагы башка артыкчылыктуу багыттар менен таанышты.
Кабарда келишинче, жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан президентинин 2017-жыл, 5-октябрдагы Өзбекстанга сапары учурунда, Ташкент шаарында кол коюлган мекемелер аралык кызматташтык жөнүндөгү келишимди ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.
Айрыкча, ишмердүүлүктүн анык багыттары боюнча биргеликтеги иш-чараларды уюштуруу, тематикалык изилдөөлөрдү өткөрүү, кызматташтыкты бекемдөө жана башка кызыкчылыктуу маселелер талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2018-2019-жылдарга болжолдонгон келишимди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коюшту.