ЕС менен АКШ ортосунда соода согушу башталганы маалымдалды

274
0

ЕС менен АКШ ортосунда соода согушу башталганы маалымдалды

Франция экономика жана финансы министри Бруно Ле Мэр АКШ менен Европа ортосунда соода согушу башталганын билдирди.

“Жыйырмалык тобундагы” баары соода согушу чындык экенин жана дүйнөдөгү өсүүгө коркунуч жаралганын аңдап турат”, – деп цитатат келтирди Рейтер агенттиги Буэнос-Айрестеги “Финансылык жыйырмалык” жыйынында сөз сүйлөгөн Ле Мэрден.

“EuropaPress” агенттиги кабарлашынча, министр АКШ сүйлөшүү үчүн биринчи кадамды шилтеши керектигин, ансыз Евросоюз өзүнүн сунуштарын белгилей албашын айткан.

“Мен АКШдан туура пикирлөөгө кайтууну жана глобалдуу эрежелерди, союздаштарды урматтоону сураймын”, – деген Ле Мэр.

О.э. ал, эгер Вашингтон Европа продукцияларына жаңы бажы тарифтерин киргизе турган болсо, Европада жооп чараларын киргизүүдөн башка жол калбашын жана Вашингтон алюминий жана болот импортуна койгон бажы тарифтеринен баш тартмайын ЕС АКШ менен эркин соода жөнүндө сүйлөшүү алып барбашын билдирген.

Мурун АКШ президенти Дональд Трамп Евросоюздан алынып келген автомобилдерге жогору бажы тарифтерин коюу менен опузалаган. Өз кезегинде Еврокомиссия  бул бажы тарифтери киргизиле турган болсо жооп чараларын даярдап койгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here