“Коопсуздугу камсыздалган” аймактар бир четинен Асадга алып берилүүдө

269
0

“Коопсуздугу камсыздалган” аймактар бир четинен Асадга алып берилүүдө

Казакстандын борбору Астана шаарында Россия, Түркия жана Иран мамлекеттери менен өздөрүн Сирия оппозициясы деп атап алган топтун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жарыя кылынган Сириядагы “Коопсуздугу камсыздалган” аймактар бир четинен Асад күчтөрүнүн колуна өтүүдө. Аталган аймактар Асад режиминин колуна өтүшү үчүн Россия жана Иран тараптан ишке ашырылган аскерий операциялар Түркиянын көз алдында жана сүкүт сактоосу астында уланууда. Негизи, келишим боюнча, бул аймактардын коопсуздугун жогорудагы үч мамлекет өз мойнуна алып, коопсуздукту көзөмөлдөп туруу милдети Түркияга жүктөлгөн эле.

Астанада кабыл алынган резолюциялардан пайдалануу менен кепил мамлекеттер майданда ишке ашырган иштер аркылуу кыйроого жүздөнүп калган Асад режимин жандантуу көздөлүүдө. Түштүктөгү операциялар штабынын өкүлү Хусейн Абу Шайманын билдиришинче, бул маселе туурасында Россия өкмөтү менен келишип алынган. Анын айтымында, аймактан чыгып кетмекчи болгон оппозиционерлерге кеңири жол ачып берилет.

“Келишимге ылайык, оппозиционерлер оор куралдарын тапшырышы керек. Россия аскерий полициясы Иордания чек арасынан баштап, баскычма-баскыч түрдө аймакка кирет. Келишим иш жүзүнө ашып баштары менен аймактан чыгып кетүүнү каалабаган оппозиционерлер үй-бүлөсү менен чыгып кетиши мүмкүн”, – деди Абу Шайма.

Асад күчтөрү жана тарапкерлери мамлекеттин түштүк-батышындагы Даръа шаарында 10-июндан баштап оппозициянын көзөмөлүндөгү айрым чекиттерди ээлеп ала баштаган. Аймактагы жарандарды коргоочу топтор Асад жана орустардын чабуулдары себептүү мекенинен чыгып кетүүгө мажбур болгон жай тургундардын саны 350 миңден ашкандыгын билдирди.

Эске сала кетсек, Астана келишими жараянында Даръа шаарынын “Коопсуздугу камсыздалган” о.э. ал Түркия, Иран жана Россия тараптан коопсуздугуна кепилдик берилген аймактардын бири болуп эсептелет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here