Трамп менен Эрдоган ортосундагы жылуу мамилелер
Белгиянын борбору Брюсселде болуп өткөн НАТО саммитинде АКШ президенти Дональд Трамп менен Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган ортосунда бири-бирине карата өтө жылуу мамиле байкалды. Бул нерсе, Эрдоган өкмөтүнүн жаңы башкаруу түзүмүнө өтүшү менен АКШ-Түркия ортосунда дагы да жакындык жана шайкештик бар экендигине ишара болду.
Түркия президенти НАТО саммитинин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Саммит учурунда жетекчилердин жолугушуулары фото сүрөттөр аркылуу маалымат каражаттарына жарыяланды. Эрдоган эки кесиптеши Трамп жана Макрон менен болгон кыска сүйлөшүүдөн кийин, Германия канцлери Ангела Меркел менен 40 мүнөттүк жолугушуу өткөрдү.
АКШ-Түркия ортосундагы достук маал-маалы менен “бузулгандай” болуп көрсөтүлсө да, негизи алардын ортосунда эч кандай бузулуу болбоду. Телеканалдар аркылуу бири-бирине каратылган сындоолор жана коркутуучу маанидеги мамилелер, эки лидер жолугушкан учурда чыныгы достук мамилеге айланып кетет. Ар дайым таарынышуу жана жарашуу абалдары болсо, Түркия өкмөтүнүн коомчулуктагы АКШга болгон душмандыктан пайдаланып, элдин колдоосуна жетишүү аракети болуп эсептелет.
Мисалы, акыркы жылдарда жүз берген олуттуу окуяларга карай турган болсок, Барак Обама админстрациясы Түркиянын назарында террорчу уюм деп эсептелген ПЙД/ПККны курал-жарак менен камсыздай баштады. Эрдоган өкмөтү “Эй Обама…” деп аны кескин сындап чыкты. Обама бул ишке чек коюуга убада берген болсо да, бирок убадасын аткарбады. Андан соң, Эрдоган “Обама бизди алдады” деп, Трамптан үмүтү бар экендигин билдирди. А бирок, Трамп админстрациясы да ПЙД/ПККга курал жөнөтүү ишин улантты. Ошондой болушуна карабастан, АКШ-Түркия жетекчилери ортосундагы достук мамиле уланууда.
АКШ жана Түркия өкмөттөрү ортосунда үзүлбөс алака бар экендиги акыйкат. Жетекчилер бири-бирин сындаса да, жолугушуулар, Сирияда ишке ашырылып жаткан операциялар, НАТОнун алкагындагы кызматташтыктар.., булардын бардыгы “сындоолор” жасалма экендигин жана бардык иштер толук көзөмөл астында экендигин көрсөтүп турат.