Россия Канттагы базасын кеңейтүүнү көздөйт

268
0

Россия Канттагы базасын кеңейтүүнү көздөйт

Россия Канттагы авиа базасын кеңейтип, республиканын түштүгүн да камтууга кызыкдар.

 Бул тууралуу Кыргызстан парламентинде кыргыз-орус аскерий кызматташтыгын талкуулаган жыйында РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Виктор Заварзин билдирди.

 “Канттагы база ошол жерде база болушу үчүн эле эмес, аймактагы коопсуздук үчүн турат. База уникалдуу жерде жайгашкан. Ал Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жана эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгынын алкагында иш алып барып, стратегиялык милдетти өтөп жатат. Биз бул базанын компоненттерин күчтөндүрүп, кеңейткибиз келет, ал түштүктү да камтымакчы”, – деди Заварзин.

Кыргызстанда Россиянын экинчи аскерий базасын ачуу маселеси акыркы он жылдан бери талкууланып келет. Экс-премьер-министр Сапар Исаков былтыр Москвадагы иш сапарында россиялык маалымат каражаттарына “аймактын коопсуздугу үчүн кыргыз-тажик чек арасынды аскерий база болушу керек” деген пикирин билдирген эле. Айрым адистер “бул маселе боюнча коомчулуктун, адистердин кеп-кеңеши керек” деген пикирин айтышкан.

Россиянын Канттагы авиа базасы 2003-жылы ачылган. Былтыр ага Россиянын дагы төрт аскерий обьектиси кошулуп,  расмий бириккен аскер базасы деген макам ыйгарылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here