Трамп Путин менен июль айында жолугушуусу мүмкүн

350
0
U.S. President Donald Trump and Russia's President Vladimir Putin talk during the family photo session at the APEC Summit in Danang, Vietnam November 11, 2017. REUTERS/Jorge Silva

Трамп Путин менен июль айында жолугушуусу мүмкүн

АКШ президенти Дональд Трамп РФ президенти Владимир Путин менен июль айында жолугушуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу, Трамп 21-июнда Америкадагы штаттардын губернаторлору менен жолугушкан учурда билдирди.

“Bloomberg News’” агенттигинин дипломатиялык булактарга таянып кабар беришинче, Трамп-Путин жолугушуусу июль айынын орто чендеринде, Трамптын Британия жана Брюсселде өтүүчү  НАТО саммитине сапарынын алдында, же андан кийин болушу мүмкүн.

“CNN” өз булагына таянып, Трамп Путинди Вашингтонго чакырууну каалап жаткандыгын, бирок, Москва бейтарап аймакта, мисалы, Венада жолугушууну сунуштап жаткандыгын билдирди.

Кабарда келишинче, жакынкы күндөрдө улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтон Путиндин Трамп менен жолугушуусун талкуулоо үчүн Москвага барат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here